Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 190

Россиянын президенти Владимир Путин улуттар аралык мамилелер боюнча Кеңештин отурумунда сүйлөгөн сөзүндө Россиянын айрым аймактарындагы мектептерде эмгек мигранттарынын балдарынын өтө көбөйүп кетүүсү, бир жагынан, билим берүүнүн сапатынын начарлоосуна алып келсе, экинчи жагынан, улуттар аралык мамилелерге, алардын орустардын маданий жана рухий дөөлөттөрүнө тыгыз интеграциялануусуна терс таасирин тийгизерин билдирди. Орус президентинин пикири боюнча, мигранттардын балдары мектептерде 10-20 пайыздан ашпоосу зарыл.

АКШда, батыштын айрым өлкөлөрүндө мигранттардын балдары басымдуу көпчүлүк болуп кетсе, жергиликтүүлөр өз балдарын андай мектептерден чыгарып, башка мектептерге алып барышат экен. В.Путиндин айтымында, Россиянын айрым аймактарында андай көрүнүштөр орун ала баштаган. Чындыгында Екатеринбургдун айрым мектептеринде Кыргызстандан баргандардын балдары эле окуучулардын жарымын түзөрүн окуп, угуп жүрөбүз. Ал эми Тажикстандан, Өзбекстандан, КМШнын башка өлкөлөрүнөн барган мигранттар кыргыздардан да көп.

Ата-энелери Россияда легалдуу эмгектенип, ал өлкөнүн өнүгүүсүнө өз салымдарын кошуп жатышса, балдары каякка баруулары керек? Бул этникалык дискриминация экендиги талашсыз. Ал тууралуу Россиядагы “ Жарандык көмөктөшүү” деген комитет да билдирди. Чындыгында элинин саны 140 миллиондон ашкан өлкө үчүн Борбордук Азиядан барган 7-8 миллион мигранттын бир бөлүгүнүн балдары өзгөчө деле проблеманы жаратпай тургандыгы шексиз. Анткени, эмгек мигранттарынын көпчүлүгү өз балдарын ата-энелерине, жакындарына таштап кетишет. Ал жакка эртели-кеч Россиянын жарандыгын алууну көздөгөндөр, аздыр-көптүр турак жай, туруктуу иш маселелерин чечип алгандар гана балдарын алып барышат.

Биздин баамыбызда, В.Путиндин билдирүүсү легалдуу иштеп жаткан эмгек мигранттарын тезирээк Россиянын жарандыгына айдап киргизүү үчүн эле жасалган аракет. Анткени, Россияда жылдан жылга демографиялык маселе оорлоп баратат. Орустардын арасында төрөлгөндөрдөн өлгөндөр көп болууда. Эгерде ал көрүнүш турукташтырылып, жок дегенде орустардын минималдуу өсүшү камсыз кылынбаса, анда акырындап Россияда башка этностордун өкүлдөрү көпчүлүктү түзө башташы да ыктымал. Андай көрүнүшкө  бир да титулдук этнос жол бергиси келбейт. Эгерде мигранттар тезирээк Россиянын жарандыгын алышып, алардын өздөрү болбосо да балдары орусташып кетишсе, Россияда демографиялык кырдаал аз да болсо жеңилдейт.

Россиянын жетекчилиги ушул максатта гана эмгек мигранттарын кыйыр түрдө Россиянын жарандыгына кирүүгө шаштырып жатат. Андан мындан башка саясый же экономикалык себеп издөө реалдуу жагдайга ылайык келбейт.

Тынчтыкбек  Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити