"Бүгүнкү бийликти шайлоого катышкан 36 пайыз элдин 80 пайызы колдогон. Бул деген одоно эсептегенде жалпы шайлоочунун 20-25 пайызын араң түзөт. Убакыт өткөн сайын ошол 20-25 пайыздын катары тездик менен суюлуп баратат. Бул коом туруксуз абалга опоңой кирип кетүүчү кырдаалга жакын дегенди түшүндүрөт. Бийлик ушуну эске алышы керек", - дейт жазуучу, журналист Чолпонбек Абыкеев.