Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 290

Тилекке каршы, чындыкка коошпогон маалыматтарды таркатып, калпты чындай берип, чагымчыл аракеттерди кылуу фейк аттуулардын жумуш, милдеттерине айланды. Бул эми «эч ким тааныбайт, эч ким билбейт…» деген логика менен беткап кийип алып, жаман жорук жасагандай эле нерсе.

Акыркы убактарда Камчыбек Ташиевге каршы фейктердин армиясы катуу иштей баштаганы байкалууда. Кара-Сууга барып, эл менен жолугушканы боюнча да чындыкка таптакыр коошпогон маалыматтарды тарата башташты. «УКМКнын кызматкерлери Кара-Суу районунун жашоочуларынын үйлѳрүнѳ барып, коркутуп, үркүтүп, опузалады. Ал Ташиевдин кѳрсѳтмѳсү менен болуптур» деп жазышууда. Жазгандар кимдер экендиктери белгисиз, себеби, кечээ жакында түзүлѳ калган фейк аккаунттар. Бирок мындай маалыматтарга ким ишенет? Ушинтип ойдон чыгарып жаза берсек, эл ишенет, Ташиевди эл кѳзүнѳ мокочо кѳрсѳтѳбүз деп ойлошобу? Азыр башка мезгил. НКВДдан калган методдор ѳтпѳй турган заман. Эгерде чындап эле андай болсо эл фейктерсиз эле ѳздѳрү айтып чыгат. Азыр эл эч нерседен коркпойт, үркпѳйт. Эмнеге фейкке жашынбай эле ачык жүздѳрү менен жазышпайт? Анте алышпайт, себеби, жалган маалыматтар.

Ташиевге карата каралоолордун мындан ары да боло берерин, атүгүл күч аларын бѳркүбүздѳй кѳрѳлү. Анткени, азыр Кыргызстанда Ташиевдей душманы кѳп адам жок. УКМК тарабынан кармалып, камалып, жеген, ичкендерин «кускандар» менен «кусчулардын» Ташиевди кѳрѳргѳ кѳздѳрү жок. Колдорунан келсе «эки чайнап бир жутушуп», УКМКнын тѳрагалыгынан кетирсек дегенде эки кѳздѳрү тѳрт. Азыр Камчыбек Ташиев мыйзамсыз байыгандар менен коррупцияга малынгандардын, элдин ырыскыларын уурдагандардын түштѳрүнѳ кирип, алар үчүн эң «коркунучтуу» фигурага айланды. Анан алар жѳн жатып алышмак беле. Фейк аккаунттарды агытышып, болушунча каралап, жаманатты кылууга ѳтүштү. Андыктан «кустуризация» уланган сайын «дискредитациялоо» дагы улана берет…

Мирлан Дүйшөнбаев