Чек ара маселеси 30 жылдан бери Кыргызстандын башкы көйгөйүнө айланып, бирок бир да бийлик тушунда аны чечүүгө чечкиндүү аракеттер жасалбай келгени маалым. Анын кесепетинен чек ара аймагында жашаган тургундардын тынч жашоосуна утур-утуру менен бүлүк түшүп, ар кандай жаңжалдардын оту тутанып келди. Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчилигине келээри менен чек ара маселесине чекит коюуга киришти. Бир ай мурда кыргыз өкмөттүк делегациясын баштап Өзбекстанга иш сапары менен барып, таалылуу маселени коңшу өлкөнүн бийлиги менен макулдашып чечүүнүн алгачкы аракетин баштаган. Анын жыйынтыгында, Кыргызстандын кызыкчылыгы камтылган протокол кабыл алынганы коомчулукка жарыяланган.
“Кыргызстандын кызыкчылыгы” дегенибиз, ал протоколго өзбек коомчулугу нааразы болуп жатканын жергиликтүү ММКларга жарыяланган маалыматтардан улам билүүгө болот. Коңшулар өз бийлигине көп жерди кыргыздарга алдырып жиберишкенин айтып, кейишкен. Камчыбек Ташиевдин түздөн-түз аракети менен ушундай жыйынтыкка ээ болгонубузду белгилей кетели.
Бирок ар бир чечимге сөзсүз нааразы тарап пайда болоору мыйзам ченемдүү көрүнүш эмеспи. Маалыматтын жетишпестигиненби, же кырдаалды козутууну каалаган күчтөрдүн аракетиби, айтор, Кара-Суу районунун тургундары Кемпир-Абад суу сактагычынынын жанындагы тоого боз үй тигип, Кыргызстандын желегин тагып митингге чыгышты. Алар суу сактагычтын жанындагы 50 гектар жердин Өзбекстанга берилгенине нааразы болушкан жана жергиликтүү элге Камчыбек Ташиевдин келип маалымат беришин талап кылышкан. УКМКнын төрагасы талапты аткарды, Кара-Суу районуна 19-апрелде барып элге жолукту. Суроолоруна жооп берип, кыргыз-өзбек чек арасын чечүүдөгү протоколдо эмнелер камтылганын, Кыргызстан кандай утуштарга ээ болгонун түшүндүрдү.
Ынтымак айылынын тургундары Камчыбек Ташиевден чечим кабыл алынган жердин өзгөчөлүгү менен канчалык деңгээлде тааныш экенин сурашты. Эске салсак, буга чейин бул аймак боюнча чек ара маселесин такташууда Ташиев өзбек тарап алгач 100 гектар жерди сураганын, бирок ал ойлонуп, аймактын сырын мыкты билгендер менен кеңешип, 50 гектар жерге токтолгонун билдирген болчу.
“Мен бул аймактын рельефин билчү эмесмин. Бирок башка аймактар боюнча менде жетиштүү маалыматтар бар”,- деди Камчыбек Ташиев.
Жергиликтүү эл: “суу сактагычтын плотинасы коңшу мамлекетке өтүп кетсе, келечекте кыргыз айылдары суугат суусуз калбайбы?”- деген маселени кабыргасынан коюшту. Алар коңшу өлкө эмитеден эле алган 50 гектардын 20 гектарына тосмо тартууга жетишкенин айтышты. А бирок Камчыбек Ташиев кыргыз айылдарына суу мурдагыдай эле бериле турганына ынандырды.
“Бул чечим кылдат ойлонуштурулуп, анан кабыл алынган. Эгер мындай кадамга барбаганыбызда чек ара маселесин чече алмак эмеспиз. Кайсы бир нерсени алуу үчүн башка нерсени берүүгө туура келет. Мамиледе ушундай. 30 жылдан бери элдин тынчын алып, тынч жашоосуна дүрбөлөң түшүргөн көйгөйдү чечүү керек эмеспи. Эгерде “эч нерсени бербейбиз” деп отура берсек, ошол көйгөй менен дагы да жашоого туура келет. Суу сактагыч биздин көзөмөлүбүздөн чыкпайт. Кабыл алынган келишимде ушундай каралган, ал ратификациядан да өтөт. Суунун деңгээлин биздин адистер көзөмөлгө алышат. Кыргыз айылдары суусуз калбайт. Бул жерде сиздер плотинаны карашыбыз керек деп жатасыздар. Эмнеге? Плотинаны ала албаганыбыздан кийин аны караштын эмне кереги бар? Бул сиздердин же биздин катачылыгыбыз эмес. Мурдагы бийликтердин катачылыгы. А биз эми аны өзүбүздүн кызыкчылыгыбызга бурушубуз керек”,- деди Камчыбек Ташиев.
Ал суу сактагычка караштуу 50 гектар жер Өзбекстанга жер алмашуу алкагында өтүп жатканын түшүндүрдү. Коңшу мамлекет бул жерди суу сактагычтын коопсуздугун сактоо максатында сураган. Суу алдындагы 4400 гектар жерди Өзбекстанга берүү менен Кыргызстан башка аймактарды бириктиргенде 5100 гектар жерди өзүнө караткан. Жалпысынан, жер алмашуу менен кыргыз өлкөсү өз аймагын 1000 гектардан ашуун аянтка көбөйткөн. Ал жерлерди жергиликтүү бийлик тургундарга бөлүштүрүп бере алат. Мисалга алганда, Араван районуна жакын жерден 32 гектар, Кадамжай району тараптан 15 гектар, Аксынын жанындагы 15 гектар жерди Өзбекстан Кыргызстанга өткөрүп берүү ниетинде.
“Бул аймакта Кемпир-Абаддын сол тарабы жайгашкан. Өзбекстан аны эгер кокус сол тарапка баруу зарылчылдыгы жаралса суу сактагычтын коопсуздугун сактоо үчүн сурады. Алар 100 гектар жер сурашкан болчу, а биз 50 гектар берүүгө макул болдук. Жерди жөн эле кармата салган жокпуз, биз үчүн бир топ пайдалуу башка аймактарга алмаштырдык. Демаркациянын жүрүшүндө ар бир тилкени тактап чыгабыз. Жерлерди мыйзамсыз тосмолоп алышкан болсо, бузушат”,- деди ал.
Ага карабай жергиликтүү эл 50 гектар жер өтө көп деп табышты. Алар туулуп-өскөн аймагынын ушунча бөлүгүн коңшу өлкөгө кармата берүүгө макул болушкан жок. Дайыма эл талабы менен эсептешип келген Камчыбек Ташиев мында да жергиликтүүлөрдүн суранычына жол бошотту. 50 гектардын ордуна 20 гектар сунуштоо боюнча Өзбекстан менен дагы бир жолу сүйлөшүп көрүүнү убадалады.
“Мен жакында Ташкентке дагы барам. Бизден алган 50 гектар жердин 20 гектарын тосмолоп коюшту. Ошол тосмологон жерди гана берели деп көрөйүн. Кол коюлган протоколду бузбаш үчүн аларды макулдатууга аракеттенейин”,- деди УКМКнын төрагасы.
Бир канча саатка созулган жолугушуунун соңу эки тарап бирин бири түшүнүүгө жетүү менен аяктады. Жергиликтүү калк Камчыбек Ташиевге батасын беришип, анын кыргыздын кызыкчылыгы, кыргыз жеринин пайдасы үчүн жан үрөп иштеп жатканына дагы бир жолу ынанышканын айтышты. “Мындан ары да элиңдин тирөөчү болуп, мекениң үчүн ак эмгегиңди кыла бер”,- деген ак жоолукчан эненин батасы менен Камчыбек Ташиев жөнөп кетти.
Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити