"НДПК партиясын шайлоо жыйынтыгынан алып салуу тууралуу жаңылыкты таң калуу менен окудум. Бул акыйкаттык болдубу же жокпу, айта албайм, бирок калыс пикир карманганда, менин оюмча, "Эмгек" партиясы да четтетилиши керек эле", - деп жазды Нариман Тюлеев соцтармактагы баракчасына.
Эске салсак, НДПК партиясын БШК шайлоо учурундагы эреже бузуулары үчүн шайлоо жыйынтыгынан четтеткен.
"Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкандардын баары квартал жана үй башчыларын массалык түрдө сатып алуу болгонун, башка партиялардын үгүтчүлөрүнө жакшылыктуу иштешине тоскоолдук жаратышканын, үгүт материалдарын топтоп туруп ыргытышканын жакшы билишет. Шаардыктарга азык-түлүк салынган баштыктарды таратышып, пенсионерлерге кимге добуш берүүгө көрсөтмө беришкени да белгилүү. Бул фактылардын баары ММКларга жарыяланды, бирок эч кандай чара көрүлгөн жок", - дейт Тюлеев.