Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 110

- Добуш сатып алуу - акмакчылык. Бул нерсе дайыма элдин шайлоого болгон ишенимин жоготот. А референдумду шайлоого байлап коюу - манипуляция. Эгерде жергиликтүү кеңешке шайлоо болбосо жарандар шайлоо участокторуна келишмек эмес.

Дайыма Конституциянын өзгөртүлүшү боюнча пикир айтсаң эле, Швейцариянын Конституциясы 1994-жылдан бери 10 жолу, Бельгияныкы да 12 жолу өзгөргөн деп чыгышат. А бирок алар админресурс же добуш сатып алууну колдонушкан эмес да. Же алар да шайлоочулар келип бериши үчүн референдумду бир шайлоого байлап коюшту беле? Добуш сатып алуу- саясатчылардын акмакчылыгынын жеткен чеги. Жарандар андайлардын ысымын ачык айтышы керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити