- Биздин мыйзам боюнча, референдум өттү деп таанылышы үчүн жалпы каттоого алынган шайлоочулардын 30 пайыздан аз эмеси добуш бериши керек. Эгер келгендердин жарымынан көбү сунушталган долбоор үчүн добуш берсе, анда ал өттү деп кабыл алынат. 30 пайыз деген сан жөн жерден жаралбаган. Көпчүлүк өлкөлөрдө бул көрсөткүч 25 пайызга чейин ылдыйлатылган. Жашоо көрсөткөндөй, калктын көп бөлүгү ар кандай шайлоолорго, саясий мүнөздөгү референдумдарга кайдыгер карашат. Ошондуктан, шайлоочулардын төрттөн бир бөлүгү шайлоо жана референдумга катышса, анда бул жетиштүү болот деп чечишкен. Биз бир топ аң сезимдүү экенбиз, 30 пайыз менен турат. Келбегендер келип, добуш бергендердин тандоосуна баш ийиши керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити