Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 74

- Бул жолку референдумда элге таңуулоо болгон жок. Конституциялык кеңешменин башынан эле баарына эшиги ачык болду. Ар кандай сунуштарды, сын-пикирлерди кабыл алышты. Президенттик башкаруу формасын аныктоо үчүн январда референдум өткөрүлгөн, бул жолку референдум андагы эл тандоосуна коюлган чекит, логикалык чынжырдын аягы болду десек болот. Январда башкаруу формасын канча пайыз эл аныктаса, бул сапар да Конституцияны ошончо пайыз эл колдоп берди. Бул мамлекеттин ошончо активдүү, мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган жарандары бар дегенди билдирет. Макул болобу же каршыбы, айырмасы жок, шайлоого келип атуулдук милдетин аткаргандарга ыраазычылык билдиребиз. Ушуну менен Конституцияда онунчу жолу өзгөрүү болуп жатат да. 2000, 2010, 2016-жылдардагы конституциялык реформада мынчалык ачык-айкындуулук, кенендик болгон эмес. Эки тараптуу байланыш да болбогон. Президент да айтпадыбы, “Биринчи жолу Конституцияны өзүбүз, эл жаздык”, - деп. Чындыгында ошондой, Конституциялык кеңешмеге ар кайсы тармактардын, жааттардын өкүлдөрү катышты, ар бири өз шарттарын айтты, сунуштарын киргизди. Баарынын сунуш-шарттары эске алынып, элге жакын Конституция пайда болду.

Булак: “Майдан. kg” гезити