- Шайлоо бүттү... Менимче, шаардык Кеңештерге деле бир мандаттуу, мажоритардык шайлоо керекпи деп койдум. Партия дегенде эле толгон маселе чыгат экен: конкреттүү талапкерге добуш бере албайсың. Кайсы партия мыйзамды бузуп жатканы билинбейт. Партия деп коюп партиянын өзү жок! Конкреттүү бир мандаттуу депутаттар болсо, баары түшүнүктүү болот эле. А жеке талапкердин партиясы өз мүчөлөрүн ачыктан ачык колдой беришсин: “Биздин партиянын мүчөсү Асановго добуш берип койгулачы”, - деп.
Булак: “Майдан. kg” гезити