- Шайлоо өттү. Референдум дагы “өттү”. Менин пикирим - эч нерсе өзгөргөн жок, мурда добуштарды кантип сатып алышса, азыр да ошондой кылышты. Шайлоочулардын күнөөсү мында аз. Баары эле бюллетенге “чымчыкча” койгону үчүн миң сом алуу азгырыгынан баш тарта алышпайт да. Шайлоонун маңызын фальсификацияга айлантуунун дагы бир барагы ачылды. Программалардын жана идеялардын күрөшү жок, саясий бирикмелердин ортосундагы олуттуу атаандашуунун жыты да жок.

Шаардык кеңешке өткөн партиялардын баары ири капиталга ээ, айрымдары шаарды жана анын жерин басып алышкан. Азыр эми шаардын бийлигине айланышты. Менде азыркы бийлик массалык сатып алууларга чекит коет деген үмүт бар эле. Бирок аларга өзүнүн референдумун өткөрүп алуу, өз бийлигин бекемдөө, өзүнө караштуу эски саясатчыларды кызматка коюу маанилүү экен. “Шамалды сепсең, бороонду оруп аласың” деген макал бар. Көптөгөн партиялар, анын катарында коммунисттер Бишкек шаары боюнча шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылышат. Сатып алуу менен келген бийлик башкарбашы керек, алар биринчи кезекте кетирген чыгымдарынын ордун толтурушат.

Конституция боюнча. Азыркы легитимсиз Жогорку Кеңеш толук пакет мыйзамдарды өзгөртө турган болот. Кантип өзгөртүшөөрү айтпаса да белгилүү. Эмнеге ар бир жолу эски бийликти кубалап чыгып, кайра эле жүз пайыз мурунку катаны кайталайбыз?!

Булак: “Майдан. kg” гезити