- Алишер мырза, референдум кандай өттү? Жаңы Конституциянын колдоо тапканы мыйзам ченемдүү эле көрүнүшпү?

- 2021-жылдын 10-январында өткөн референдумда эл мамлекеттик башкаруунун президенттик формасын тандап алгандан кийин, мага көпчүлүк адамдар жаңы Конституцияны дагы колдой турганы айкын болду. 2021-жылдын 11-апрелинде  референдум аркылуу кабыл алган жаңы Баш мыйзамды кааласак да, каалабасак да, элдин  тандоосу экенин түшүнүшүбүз керек.

- Жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин мамлекетте кандай өзгөрүү болушу ыктымал?

- Биринчиден, кабыл алынган конституциянын долбоору парламенттен өтүп, депутаттардын көпчүлүгүнүн колдоосун алышы керек. Экинчиден, Конституциянын долбоору парламент тарабынан жактырылгандан кийин, жаңы Конституцияга президент Садыр Жапаров кол коёт, андан кийин Жогорку Кеңеш таркатылат. Президент жаңы парламенттик шайлоонун күнүн элге жарыялайт. Бул маселелер талкуу учурунда көптөгөн карама-каршылыктарды жаратышы мүмкүн болгон маанилүү процесс.

Ал эми бүгүнкү бийликтин башка маанилүү кадамдарына токтолсок,  эгерде парламенттик шайлоого чейин Өзбекстан менен чек ара маселелери чечилсе, бийлик үчүн эле эмес,  баарыбыз үчүн чоң жетишкендик болот.

Эми бийликтин азыркы негизги милдети - бул коронавируска каршы күрөшүүдө былтыркыдай башаламандыктын жана катачылыктардын алдын алуу. Экинчиси, азык-түлүктүн бааларын көзөмөлдөө жана төмөндөтүү.

- Баса, Шаардык Кеңештин жана жергиликтүү кеңештин шайлоосу кандай өттү?

- Эгерде жергиликтүү шайлоолор жөнүндө айта турган болсок, менимче биздин кээ бир аткаминерлер жана саясий партиялар 4-октябрдагы  окуялардан эч кандай сабак албаптыр  деген жыйынтыкка келсек болот. Мыйзам бузуп, добуш сатып алууга ашыккандарга  прокуратура сөзсүз чара көрүшү керек! Эгер келе жаткан парламенттик шайлоодо дагы мындай көрүнүш кайталанса, анда биз күзүндө кайрадан саясий кризиске туш болобуз.

Булак: “Майдан. kg” гезити