"Текебаев-Чотонов иши боюнча сот чечими акыйкат болгону албетте,  кубандырат... Жакшы жышаан... Бирок төрт жыл текке кеткен өмүр-жашка, жубайлары менен балдарынын көз жашына, жакындары тарткан убайымга, денсоолукту жеген сарсанаага ким жооп берет? Жөн эле "болду-болду" - деп кала берүү натура иш. Макул дейли, Текебаев мамлекет төлөй турган акчадан баш тартсын, дагы да болсо өлкөбүздүн оор ахвалына боор тартты дейли... ыраазы бололу... Бирок мамлекетти дагы, Текебаев менен Чотоновду дагы ушундай жапа чегүүгө дуушар кылган прокурорлор, коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү, соттор жана сотто айыптоочу катары отурган прокурорлор өз жазасын алышы керек да. Акыйкаттык үчүн, коомдун тазаланышы үчүн, келечекке карай сабак болушу үчүн бул зарыл шарт. Саясий буюртма менен ак жерден дагы бирөөлөр жапа чегип, түрмөгө отурбасын десек коомчулук ушуну талап кылуубуз абзел. Бул акыйкаттыктын талабы!" - деп жазды коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, 13-апрелде Бишкектеги Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго актоо чечимин чыгарган.