Добуш берүү күнү Фейсбук жана башка социалдык тармактарда канча сын пикирлер болгон эле. "Добуштарды сатып алышты",  "мыйзам бузулууда", "админресурс колдонулду"...

Төрт күндөн бери бир топ партиялардын жаштары сын пикирин ачык айтып, ачкачылыкка чейин барышты. Соцтармактарда адилет үчүн, чындык үчүн кыйкыргандар кайда?!

Жок дегенде Боршайкомдун алдында барып, жаштарды колдоп койсоңор болот эле. Башаламандыкты токтотолу деген ниет. Накта кайдыгерлик...

Соцтармактарда кандай гана акылдуу кептер айтылбайт. Адам укугу, шайлоолордогу көз жазгырмайлар, мыйзамдын бузулушу ж.б. тууралуу. А алты партиянын жаштарын жөн гана колдоп кое алышпайт. Алар акыйкаттыкты издеп жатышат. Одоно мыйзам бузуулар менен коштолгон шаардык кеңешке шайлоону жокко чыгарууну талап кылышууда", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына. 

Эске салсак, 11-апрель, жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодон кийин Бишкек шаардык кеңешине ат салышып, бирок өтпөй калган алты партиянын мүчөлөрү БШКнын имаратынын алдына чатыр тигип, нааразычылык билдирип чыгышкан. Бирок укук коргоо кызматкерлери аларды күч менен тараткан.