"Саясий өңүттө соттолгондордун, биздин 30 жылдык тарыхыбызда, баары акталган, акталууда. Ф.Кулов, Т.Тургуналиев, Т.Койчуманов, Ж. Казакбаев, Өмүрбек Абдырахман, Адилет Айтикеев, О.Субаналиев, И.Масалиев, А.Келдибеков, М. Мырзакматов, С. Жапаров, К.Ташиев, Т.Мамытов, Б.Асанов, К.Кадыров буга мисал.
Бийлик колдон келсе саясий максатта камоолордон кетиши керек. Ал баары бир бийликтин, өлкөнүн стратегиялык маселесин чечпейт. Тетирисинче, абалды оорлотот. Саясий оппонент эмес, душман жаратат.
Акыл эстүү бийлик душманды эмес, досту көбөйтөт, реформалар, жакшы иштер аркылуу өз кадыр баркын көтөрөт, мыйзамдуулукту туу тутат", - деп жазды экс-депутат Равшан Жээнбеков соцтармактагы баракчасына.