Ошентип, Бишкек шаардык кеңешине шайлоодон кийин борбор калаанын башчысы ким болору айкын болуп калды. Кѳпчүлүк добушка ээ болушкан “Эмгек” жана “Ак Бата” партиялары коалиция түзүп, мэрлик кызматка Нариман Түлеевдин талапкерлигин сунушташат экен. Муну менен Түлеевдин: “мен кайрадан мэр болуп келем”,- деп ѳткѳн жылдын аягында айтканы аткарылууда.
Нариман Түлеевдин “Ак Бата” саясий партиясынын кѳпчүлүк добушка ээ болуусу бир жагынан күтүлгѳн, мыйзам ченемдүү кѳрүнүш болду. Анткени, ал буга чейин борбор калааны башкарып, ѳзүнүн чарбачылдык, менеджерлик сапаттарын кѳрсѳтүп, башкаларга салыштырмалуу ийгиликтүү, натыйжалуу иштеп кеткен. Бишкектин жашоочулары арасында анын мэр катары ишмердигин оң баалагандар да кѳп. Ошондуктан “Ак Бата” партиясына добуш бергендер аны кайрадан мэр катары кѳргүсү келерин билдиришти.
Ѳлкѳнүн борбор шаары Н.Түлеевдин мэр болуусунан утуш гана албаса, утулбайт. Буга чейинкидей эле натыйжалуу иштеп, шаардын социалдык маселелерин, кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ, инфраструктурасын оңдоп, шаардын көрүнүшүн жакшыртууда, шаардык бюджеттин ѳлчѳмүн кѳбѳйтүүдѳ алгылыктуу иштерди алып барарынан шек санабасак болот. Анын партиясынын программасы да башкалардыкынан реалдуулугу менен айырмаланды. Программада айтылгандардын жарымы ишке ашырылса деле жаман болмок эмес.
Булак: “Майдан. kg” гезити