Экс-президент Сооронбай Жээнбеков 11-апрелде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга келип добуш берди. Андан кийин журналисттердин суроосуна кыскача жооп кайтарды:

- Мага экс-президент катары коомчулуктун суроосу абдан көп. Аны мен тууралуу айтылган ар кыл ойлордон, сын пикирлердин сезип, туюп, анализдеп жатам. Албетте, менде да айтыла турган сөздөр абдан көп. Бирок азыркы кырдаалда менин сүйлөп, саясатчылар менен талашып-тартышып, саясатка аралашканыма караганда, унчукпай турганым өлкө үчүн чоң пайда. Анткени, өзүңөр көрүп турасыңар, өлкөбүздө саясий туруктуулук жаңыдан бекемделип келатат. Менин айткандарым саясий кырдаалга таасир этпей койбойт. Саясий чайкоочулук кылуучулар да жок эмес. Мен андайларга жол бербейин деп унчукпай турам. Мен жөнүндө кандай сөздөр, сындар айтылса, ким эмне десе да көтөрөм, чыдайм. Эмнеге дегенде, өлкөдөгү саясий туруктуулук, элибиздин тынчтыгы мен үчүн баарынан кымбат. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар, дүйнөдө, Кыргызстанда коронавирус пандемиясынан улам экономикалык кырдаал жеңил эмес. Андан башка да маселелер көп. Мамлекеттин жетекчилиги колунан келишинче иштеп жатат. Мен дайыма айтып келгем, дагы да айтам - өлкөдөн өткөн дөөлөт жок. Ошондуктан, саясатты азайтып, бардык күч, мүмкүнчүлүктү жаратмандыкка багытташыбыз керек. Көбү мени унчукпайт, сүйлөбөйт деп айыптап жатышат. Мага мамлекеттин саясий туруктуулугу, элибиздин ынтымагы, биримдиги баарынан кымбат. Башында айтып кеттим, “мага суроолор көп2- деп, буйруса аларга жооп берчү да убакыт келээр. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жалпы кыргызстандыктарды, мусулмандарды Жараткан Алла Таалам насип эткен улуу Орозо айы менен куттуктайм. Кармаган орозоңуздар, кылган соопчулук иштериңиздер кабыл болсун. Мамлекетибиз гүлдөп-өнүгө берсин.

Булак: “Майдан. kg” гезити