Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 134

Жакында, Лейлек районундагы Арка айылындагы жолдон Тажикстанды көздөй баратат деген бир нече бензовоздордун видеосун соцтармактарга таратышты. Ал бензовоздордо күйүүчү май бардыгын жана бул Өкмөттүн токтомунан (Тажикстанга күйүүчү май алып өтүүгө убактылуу тыюу салынган) кийинки көрүнүш экенин баса белгилешти. Тийиштүү кызматтар бензовоздор Лейлек районунда жайгашкан “Кыргызнефтегаз” ишканасына таандык экени, анда чийки зат Кыргызстандын ичинде эле ташылып жатканын бир нече ирет түшүндүрүштү. Анткен менен калп маалыматтын эпкини токтотулган жок.

Мындан улам  “Кыргызнефтегаз” ААКсы  атайын кайрылуу жасоого аргасыз болду. Андагы айтылгандарга таянсак, бүгүнкү күндө “Кыргызнефтегаз” ААКсы өзүнүн өндүрүш ишмердүүлүгүн лицензияланган өндүрүш аянттарында, Баткен облусунун Лейлек районундагы “Карагач”, “Башкент-Тогап-Ташрават”, “Тамчы” аймактарында жүргүзүп жатат. Баткен облусунда өндүрүлгөн мунай  Жалал-Абад шаарындагы мунайды кайра иштетүүчү завод - “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАКына жөнөтүлөт же мунайды  кайра иштетүүчү жергиликтүү заводдорго жеткирилет. Аталган ЖАК “Кыргызнефтегаз” ААКсына тийиштүү экенин белгилей кетели.

“Кыргызнефтегазга” таандык бензовоздор мунайды жүктөп алып, борбордук трасса аркылуу көздөгөн жерине барат. Каттамдардын саны, аталышы жана жүктүн көлөмү менен салмагы атайын көзөмөлдөөчү пункттарда каттоого алынат. Мунай  өндүрүүчүлөр күйүүчү-майлоочу материалдарды Лейлек районунда жайгашкан май куюучу жайларга көрсөтүлгөн каттам жана багыт боюнча жеткирип беришет. Мунайды жана мунайзатты жеткирүү менен жергиликтүү мунайды кайра иштетүүчү заводдор, мисалы “НПЗ Сафар МКЗ” ЖЧКсы да алектенет.

“Соцтармактарга тараган видеодо автоунаалардын мамлекеттин номери, жеткирүүчүнүн конкреттүү логотиби көрсөтүлгөн эмес. Видеонун тартылган күнү да такталбаган, бул абдан маанилүү болчу, анткени КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-мартындагы №66 Кыргыз Республикасынын аймагынан ЕАЭБ бажы аймагынын тышкары мунайды жана мунайзаттарын экспорттоого убактылуу тыюу салуу  боюнча“ токтому кабыл алынган. Мындан кийин экспорттук операциялар толугу менен токтотулган”, - деп билдирет “Кыргызнефтегаз”.

Жогоруда айтылгандардан улам, аталган ААК негизги өндүрүш ишмердүүлүгүнүн алкагында Баткен облусунун аймагына чындап эле мунай жана мунайзаттарды менчик жана жалданма автоунаалар менен жеткирээри анык болду. Аны менен катар бардык жеткирүүлөр учурдагы мыйзамдын  талаптарын тыкыр сактоо менен ишке ашат, мунай жана мунайзаттарын аткезчилик жана экспорттук ташууга жол берилбейт.  

Мындан улам коомчулукка жалган маалыматтарды таратып, ич ара бүлүк түшүрүүнүн кандай пайдасы бар деген суроо туулат. Кимдер кызыкдар, жалган маалыматтын артында жашынган кандай максат бар? “Тажикстанга күйүүчү май мурдагыдай эле кетип жатат”- деп айгай салгандар жебени УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге мээлеп, анын коңшу өлкөгө бензин өткөрүлбөйт деген чечкиндүү чарасынан кийинки көрүнүш ушул экенине басым жасашкан. Андыктан, таратылган видеодон  Камчыбек Ташиевдин мамлекет үчүн жасап жаткан иштерине тескери көлөкө берүү каалоосун баамдоого болот.

Мында айтыла турган бир сөз гана бар, дүйнөдө эң татаал маселе - бул чек ара. Кыргызстандын буга чейинки бийлик башчылары  коомчулуктун ар кандай пикирлерден коркуп, чек ара маселесин чечпей келишкен. Башкача айтканда, чечкиндүүлүккө барышкан эмес. Эми демилгени колго алып, чек арага жакын аймактардагы күн алыс болуп келген чыр -чатактарды түбөлүккө токтотуу маселесин көтөргөн Камчыбек Ташиев жөнүндө ар кандай пикирлер жаралды, “күйүүчү май Тажикстанга өткөрүлүп жатат” деп түз жерден терс пикир жараткысы келгендердин аракети буга далил. Ачыгын айтыш керек, Тажикистан, Өзбекстан интернет сегменттеринде биздин азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди жерден алып көргө урган, өздөрүнун бийлигин сөгүп, “кыргыздарга жерибизди, кенибизди, суубузду алдырып жибердик, Ташиев туруктуу позицияда туруп, чек ара маселесинде Кыргызстанга көп аймактарды алып алды”- деген пикир күч.

Ырас, С.Жапаров да, К.Ташиев да келечек, тарых алдында кара так болуп калгылары келбейт. Демек, чек ара маселесин тактоодо алар Кыргызстандын кызыкчылыгын сүрөбөй жатышат деген догма жалган жалаа жана карандай калп. Кудай коңшуну, анан мекенди тандап бербегендей эле Кыргызстандын казак, өзбек, тажик, кытайдан башка коңшусу жок. Болушу да мүмкүн эмес. Мына ушундай шартта биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеш үчүн ириде чек ара маселелерин чечип, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу биринчи маселе. Мына ошондуктан,  К.Ташиевдин ишин  сындап, ар кандай жалган маалыматтарга жабыштыра салып, каралоого умтулганды коюп, колдоп-кубаттап, сүрөп турууга милдеттүүбүз.

Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити