"2010-жылы Оштогу кыргыз-өзбек жаңжалынын чыгышыны күнөөлүүлөр жазасын алышы керек", - деп айткан Камчыбек Ташиев 2020-жылдын 10-июнунда "Марал" радиосуна берген маегинде.
"Чырдын чыккан өзөгүн карасаңар, бир гана учурда - качан бийлик элди башкара албай калганда, бийликке элдин ишеничи кеткенде. 1990-жылы да бийлик алмашып, өлкөдө туруксуздук пайда болуп жаткан маал эле. 2010-жылы да ушундай абал жаралган. Элдин өзүнө койгондо, тынч, ынтымактуу жашай беришет, азыр Ош, Жалал-Абадга барып көрүңүз, кыргыз-өзбек бир туугандай ынтымактуу, алыш-бериште жашап жатышат. Бирок элди бийлегендердин катачылыгы булардын ынтымагына доо кетирет", - деген Камчыбек Ташиев.
Андан ары УКМКнын учурдагы төрагасы Ош окуясына айыптуулар табылбай калганы, ошол убакта баары бир ооздон коогалаңга Курманбек Бакиевди күнөөлүү деп чыгарышканын белгилеген.
"2010-жылкы чыр бийликти сактап калуу аракеттеринин артынан чыккан. Баары Бакиевди күнөөлүү дешти. Ошол чыгарды дешти. Ал кантип чыгарат, өзү жок болсо, туугандары жок болсо, жанын коргоп качып жүрсө? Ачык айтыш керек, мында Убактылуу өкмөттүн күнөөсү бар. Кайсы убакта болбосун алар жоопко тартылышы керек. Бул дүйнөдө тартылбай калышса, акыретте өз жазаларын алышат. Коогалаңда 500 адам каза тапты, он миңдеген адам жаракат алды, жүз миңдеген адам үй-жайынан ажырап жабыр тартты. Элим, жерим деген, кыргыздын бүтүндүгүн сактап калам деген канча балдар өлүп кете беришти, эстеген сайын көзүмө жаш алам. Бул окуяны унутпашыбыз керек, ал үчүн күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу керек", - деген Ташиев.
Эске салсак, жакында президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Ош окуясына баа берүүнү УКМКга тапшырган.