- Турсунбек мырза, эмнеге шайлоодо жеңишке жетпей калган партиялар “шайлоону тааныбайбыз” деп маселе жаратуунун айласын издеп жатышат? Же чындап эле шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолдубу?
- Шайлоо периштедей таза өттү дегенден алысмын. Мүмкүн добуш сатып алуулар, админресурсту колдонгондор болгондур. Ага укуктук баа берилип, БШК тиешелүү чечим чыгарар. Керек болсо арыздардагы мыйзам бузуулар аныкталса, шайлоодон утту деген партиялар да тизмеден четтелип калар. Бирок, андай арыздар бирин-экин эле түшпөсө, массалык түрдө добуш сатып алуулар болгон жок. Анткени, шайлоого карата “Келечекке жол” мониторинг борбору Кыргызстан боюнча мониторинг кылдык. Биз чыгарган жыйынтык боюнча шайлоо да, референдум да мыйзам чегинде өттү деп эсептейбиз.
- Шаардык кеңешке “карапайым партиялар эмес, жалаң байлардын партиясы өттү”- деген доомат коюп жатышат. Мунун чындыгы барбы?
- Бишкек шаардык кеңешине 6 партия өттү. Алардын ичинде байлардын партиясы да, ошондой эле акчасы көп эмес, бирок мыйзамды жакшы билгендердин партиясы да өтүп кетти. Ырчы, волонтёр жигиттер чыккан партия да ийгиликке жетти. Кыскасы. байлар да, бай эместер да өттү. Ошто да 4 партия өттү деп жатышат. Атаандашуу күчтүү болуп, татыктуулар жеңишке жетишти. Ийгиликке жетпей калган партиялар жөн эле чыр чыгара бербей, шайлоо күнү ар бир шайлоо участогуна байкоочуларын коюп, алардын айлыгын төлөп, аракет кылыш керек эле. Тилекке каршы, өздөрү каражат короткондон кысынышып, эми шайлоо жокко чыксын деп жатышат.
- Алар кимдер? Кайсыл партиялар?
- Биз 11-апрелде мониторинг жүргүзүп жүргөндө “Реформа”, “Бүтүн Кыргызстан” партиясынан бир да байкоочу шайлоо участкасында болгон жок. Ушундан улам булар өздөрүнүн өтпөй калышын алдын ала билген деген жыйынтыкка келип жатабыз. Байкоочу койгон партиялар шайлоодо жеңишке жетишишти. Чынында ийгиликке жетебиз деген партиялар каражаттарын аябай байкоочу коюп, аракеттениши керек. Түштөн кийин байлар өтүп, карапайым адамдардын партиялары жеңилип калды деп ызы-чуу салбай.
Негизи пикетке чыгып, “Конституция колдоо таппады, референдум өткөн жок”- дегендер башынан эле батыштын камчысын чапкандар. Алар Сириядагыдай, Арап жазындагыдай кан төгүүнү каалап жатышат. Ошон үчүн жакшы нерседен да кынтык таап, элди дүрбөткөнгө болгон күчүн жумшашууда. “Клооп.кж”, “Общее дело”, “Азаттык” радиосунун башында канды көксөгөн топтор турат. Ошон үчүн, “Азаттык” 2-3 күндөн бери шайлоонун жакшы жагын айтпай, жалаң былыктарын чукуган берүүлөрдү чыгарууда. “Азаттык” баштагыдай демократиялык иштердин эмес, бузукулук иштерге басым жасап, бир жактуу маалыматтарды таратып жатышат. Эртең мененки берүүсүндө Казакстандык экспертке улам улам суроо берип, шайлоонун, референдумдун жаман жагын айттыра албай абдан убараланышты.
- Баса, Феликс Кулов Конституциядагы президенттин укугун атом бомбасына салыштырды. Чындап эле президенттин укугуна башкалар чочулаткан кооптуу нерселер кирип калган жок беле?
- Мен Феликс Шаршенбаевичтин сөзүнө кошула албайм. Ал өтө көбүртүп, жабыртып жатат. 2021-жылдын 10-январында Кыргызстандыктар өзүнүн тандоосун жасап, президенттик башкаруу формасын тандап алышты. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл өзү башкаруу формасын тандады. Эл президенттик башкаруу формасын тандагандан кийин президентке жетиштүү ыйгарым укук берилиши мыйзам ченемдүү көрүнүш. Америка, Казакстан, Өзбекстан, Кытай жана башка көп мамлекеттерде президенттик башкаруу формасы менен жашашат. Президенттин ыйгарым укуктары да көп болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок, муну атом бомбасына салыштырыштын кажети жок. Айтайын дегеним, жаңы Конституцияда президент аша чапса, аны токтотуп кала турган механизмдер бар. Биринчиси, президент парламентке баяндама жасап, маалымат берет. Жогорку Кеңеш президенттин баяндамасына жараша пикирин билдирет. Ошондой эле биринчи вице-премьер-министр парламенттин алдында отчёт берет. Ага да канааттандырарлык же канааттандырарлык эмес деп баа берилет. Экинчиси, Элдик курултай институту ишке кирип жатат. Буга чейин бир да президент эл алдында, курултайчылардын алдында отчёт берген эмес. Эми президент элдин, курултайчылардын алдында жасаган иштери боюнча маалымат берет. Курултайга 800 чукул делегат катышып, президентти жарга такаган түрдүү суроолор берилет. Президент 2-3 күндүк жыйналышта экзамен тапшыргандай эле болот. Үчүнчүсү президентти кызматтан кетирүү деген өзүнчө механизм бар. Бул татаал процедура болгону менен кандайдыр бир деңгээлде Конституцияга жазылды. Мурда 120 депутат болсо, азыр 90 депутат болот. Анын 45и президентке күнөө коюп, кызматтан кетирүү демилгесин алып чыкса болот. Ал демилгени Башкы прокуратурага берет. Эгер Башкы прокуратура 45 депутат койгон күнөөнү негиздүү деп тапса, аны Конституциялык сотко берет. Конституциялык сот бекитсе, депутаттардын 60тан көбү кызматтан кетирүү маселесин колдосо, президент кызматтан кетет.
- Бул ишке ашпай турган процедура эмеспи?
- Бул процедуранын ишке ашып кетиши кыйын. Бирок, ошондой болсо да бул механизмдер күчүндө турат. Ошондой эле Башкы прокуратура дагы надзордук орган катары президентке иш козгосо, Эсеп палатасы текшерсе болот. Негизи Эсеп палатасы менен Башкы прокуратураны президентке эмес, парламентке баш ийдирүү тууралуу сунуштар түшкөн. Бирок, ал сунуш Конституциялык Кеңештен колдоо тапкан жок. Булардын баары президенттин укуктарына кирди. Негизи президентке берилген ыйгарым укуктардын баары элдин чечими. Ошондуктан мен Феликс Шаршенбаевичтин койгон дооматына макул эмесмин. Кыргыз эли чыгыш эли катары эч качан хандыкка же падышалыкка баш ийген эл эмес. Согуш убагында эле уруулар хандарга баш ийбесе. Башка убакта уруу-уруу болуп тарап кеткен. Менталитетибиз бир хандыкка же падышага баш ийбеген үчүн үч жолу революция болду. Болбогон сындарды айтып элди дүрбөткөндүн ордуна Феликс Шаршенбаевич мурдагы премьер-министр катары Конституциялык Кеңештин жыйынына катышып, тажрыйбасын бөлүшсө болмок. Биз чакырганыбыз менен ал киши келген эмес. Эми болсо орунсуз сындарды айтып, конституцияны сындап жатат.
Булак: “Майдан. kg” гезити