"Шаардын мэрин НДПК менен "Ата Журт Кыргызстан" чечкени калды көрүнөт...Ушул 2 партияны ким " бооруна" тарталса, ошол партиянын өкүлү мэр болот деген жагдай жаралды окшойт...Көрө жаталы...", - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешине 11-апрелде болгон шайлоодо 6 партия өткөн:
- «НДПК» – 10,70%;
- “Биздин эл” – 7,73;
- “Ата-Журт Кыргызстан” – 9,63%;
- “Эмгек” – 13,87%;
- “Ынтымак” – 13,87%;
- “Ак-Бата” — 12,15%.