Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек ара маселелеринин К.Ташиевдин КР Чек ара кызматын да жетектей баштагандыгынан кийин тез арада чечилиши элдин көбүн кубандырса, айрымдарда: “эгерде ушундай эле тездикте чечиле турган болсо, анда буга чейинки жетекчилер отуз жылдан бери эмне кылып жүрүшкөн? Мындай оперативдүүлүктүн артында Кыргызстанга зыяндуу эч нерсе жок бекен?”- дегендей ойлорду да жаратууда.
Чындыгында Камчыбек Ташиев эки айда чечкенди мурдагылардын чейрек кылымдан ашык чече албай келишкендери ойлондурбай койбойт. Мурдагылар бул маселеге же чындап киришкен эмес, же Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов Кыргызстан менен чек ара маселелерин чечкенге кызыкдар болгон эмес. Антейин десек И.Каримовдун өлгөнүнө деле беш жылга жакындап калды, андан берки төрт жылдын ичинде өлкө бийлиги бул маселени неге чындап колго алышкан эмес?
Неси болсо да эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселеси биротоло чечилип, экономикалык кызматташтыктын жаңы деңгээлге чыгарылганы азыркы бийликтин активине жазылып калды, аны эч ким танбайт. Бирок, “шашылышта биздин жетекчилер байкабай улуттук кызыкчылыктарыбызга дал келбей турган чечимдерге жол берип жиберишпедиби?”- деген күдүк ойлордун бар экендиги да чындык. Аны биз оюбуздан чыгарганыбыз жок, чек ара маселелери боюнча макулдашуулардын мазмуну элге толук жетпегендигинен улам эл арасында ар кандай сөздөр да болуп жаткандыгы жөнүндө УКМКнын жана Чек ара кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиев Ташкендеги 25-марттагы макулдашуулардын жыйынтыктары боюнча өткөрүлгөн өкмөттүк комиссиянын отурумунда сүйлөгөн сөзүндө айтты.
Чындыгында эле Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек аралардын талаш маселелери кандайча чечилгендигин гезиттерге сүрөттөрү менен чыгарып, ал эми телевидение аркылуу чоңойтулган масштабда көрсөтүлүп турса жакшы болмок. Маселен, теле аркылуу “Таза суу” долбоорунун жер-жерлерде кандайча ишке ашып жатканы, бюджеттик беренелер иллюстрацияланган түрдө көп эле көрсөтүлүп келет. Андай ыкманы эмне үчүн чек араларга да колдонуп, талаш участоктордон Кыргызстан кайсыл жерлерди алгандыгын, Өзбекстанга кайсыл жерлер өткөндүгүн көрсөтүүгө болбосун? Эки өлкөнүн саясый картасынын тийиштүү жерлерин чоң масштабда алып, ал аркылуу түшүндүрүлсө, элге жеткиликтүү болмок.
Камчыбек Ташиев өкмөттүк комиссиянын отурумунда чындыгында тарыхый чоң мааниси бар маселелер чечилгендигин, алар жөнүндө азыр ар кандай пикирлер да айтылып жаткан менен тарых бардыгын өз ордуна коёрун белгиледи. Ал чындык, бардыгына тарых өзү калыс баасын берет, бирок жер-жерлердеги жетекчилер түшүндүрүү, үгүттөө боюнча органдардын жетекчилери бардыгын тарыхка төңкөп коюп отура бербестен элге оперативдүү туура маалымат берүү боюнча өз милдеттерин да тийиштүү деңгээлде аткаруулары керек. Антпесе, ар кандай сөздөр көбөйө берет.
Ошентип буйруса, Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилди, бирок Тажикстан менен чек араларды тактап, делимитациялоо оор боло тургандыгы ачыкка чыкты. Тилекке каршы, ал өлкө менен чек аралардын жарымы тактала элек. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун Ворухка келип, ал жерде сүйлөгөнү тажик тараптын ал анклавды алмаштыруу оюнда жок экендигин айкындады. Алмаштыруу же ага каршы чыгуу алардын суверендүү укугу, бирок Ворух анклавынын жылма экспансия аркылуу аймагынын кеңейип кете берүүсүнө жол бербөө керек! Билгендердин айтымдарында, жылдан жылга Ворухта жашагандар Кыргызстанга тиешелүү жерлерге да үй салып, бак-дарактарды тигип, өз аймактарын кеңейтип жатышыптыр. Мүмкүн, тажиктердин түпкү максаттары, көздөгөндөрү ошодур. Ошол жол менен анклавдын бир четин Тажикстанга туташтырып, жарым эксклавга айландырууну максат кылып алышкандыр. Эгерде жылма экспансияга чек коюлбаса, ал деле бир күнү ишке ашып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биринчи кезекте жылма экспансияны токтотуу керек!
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити