Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 96

2021-жылдын 12-апрелинде КРнын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы дайындалган элчиси Ахмет Садык Доган менен жолугушту.

Түркиядагы элчиликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда элчи Өмүралиев кесиптешин кызматка дайындалышы менен куттуктап, жаңы кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

 

Булак: Кабар