Мындай суроонун пайда болушу өткөн жумада “Майдан.kg” гезитинин № 11 (24.03.2021) санында “Кыргыз эли эч убакта хандык башкарууга көнбөйт” деген темада экс-премьер-министр, ЖКнын экс-спикери Алмамбет Матубраимов мырзанын гротеск катары берген көз карашы себеп болду. Эми, чындыгында, өлкөдөгү кырдаал тууралуу ар убакта ар кимдин өз билгени бар экени, албетте, талашсыз. Ал анын мыйзам ченемдүү укугу жана эрки экени да шексиз. Ошондуктан менин айтайын деген оюм бир эле олдоксон сөзгө, б.а. бир эле морально-этикалык нормага сыйбай турган түшүнүк тууралуу болмокчу.
Гезиттин кабарчысы А.Сатындиеванын: “Өлкөнүн учурдагы саясий көрүнүшүнө кандай баа бересиз?”- деген суроосуна: “Кыргыз эли боорукер, кечиримдүү эл экенбиз. Кимиси камалса, ошону актап-жактап, баатыр көрүп алмайыбыз бар. Күнөөсү болсо соттолуш керек да. Түштүк Кореянын бийликтен кеткен он президенти тең абакта отурат. А бизде эки президент качты, бири түрмөдө, дагы бири шайланбай туруп өзүн экс-президентмин деп атап жүрөт, бири үч жылдан кийин арызы менен отставкага кетти. Садыр Жапаровдун мамлекетти өнүктүрсөм деген каалоосу күчтүү, анын артынан көп убадаларды берип салды. “Ата-энемдин, баламдын арбагы кечирбейт”,- дегенди да айтып алды. Эч убакта арбакты оозанып ант бербеш керек. Убактылуу өкмөт да бир кезде арбакты атап ант ичкен. Ошондо эле айткам, булардын иши ушул ант менен бүтөт деп...”.
Ооба, А.Матубраимов мырзанын көрөгөчтүк касиетинин негизинде 2010-жылы апрель революциясында каза болгон уул-кыздарыбыздын сөөгүн “Ата-Бейитке” берип жатып, Убактылуу өкмөттүн лидерлери ант бергени барыбыздын эсибизде. Андан көп узабай, ошол эле Убактылуу өкмөттүн лидерлеринин жетекчилигинде каргашалуу Ош окуясы тутанып, 10-13 июндун күнү-түнү менен бирге миңдеген бейкүнөө жарандарыбыз набыт болуп, кай биринин сөөгү өрттөнүп, Ак-Буурадан кан агып, ушул убакытка чейин кай биринин сөөгү да табылбай, жерге да берилбей ач арбак болуп жүрүшкөнү, Кудай өзү кечирсин, каргашалуу окуяны кайталап эсиңизге салып отурганым үчүн, бирок бул ачуу чындыктан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү эч качан эч кайда качып кутула алышпайт!..
Анткени, ошол эл аралык реакциячыл күчтөрдүн катышуусунда уюштурулган каргашалуу Ош окуясынан 14 күн өткөндөн кийин, б.а. 27-июнда АКШнын мамлекеттик коопсуздук департаментинин (Мамдептин) сунушу боюнча, Евросоюздун Венециялык комиссиясы Кыргызстан үчүн атайын даярдаган Конституциясы Референдум аркылуу кабыл алынып, “Бул документ 10 жылга чейин эч өзгөрүүсүз иштейт” деген Убактылуу өкмөттүн Указы менен бекитилип берилген. Ал “эрдиги” үчүн Убактылуу өкмөттүн лидери Р.И.О. айым Мамдептин “Каарман аялы” сыйлыгына ээ болду. Бир жылдан кийин ал өзүнүн бийлигин тынчтык жолу менен Атамбаевге өткөрүп берип жатып: “Мен эми мектепке чейинки балдардын лидери болоюн деп жатам” деген инициатива көтөрүп, ЮНИСЕФ тарабынан 14,3 млн. сый долларга татыктуу болгону маалым.
Мунун баарын менден жакшы билесиз, урматтуу Алмамбет Матубраимович мырза. Анткени убагында Кыргыз Республикасынын Өнөр-жай министрлигинде өзүңүз менен бирге иштешип калбадыкпы, Сиз министрдин замы, анан министр болуп, ал эми мен жаңы техника жана технология башкармалыгынын башчысы болуп. Ошондуктан биз үчүн батышчыл демократ Акаевдин Улуу Британиянын Королевасынан да бийик хандык бийлигин орнотуп, өзүнүн “Экономика глазами физика” деген теориясынын негизинде кыргыз өнөр-жайын ПЕСАК программасы аркылуу “кыйратып кайра куруу” реформасын жүргүзүп, кыргыз экономикасынын түбүнө жеткенин жакшы билебиз. Андан дагы - өзгөчө өнүккөн “Кыргызэлектроника” тармагын өнүктүрүүнүн ордуна аны япондуктарга арендага берип коюп, аферист досу Борис Бирштейнге (1989-жылы Моссоветте таанышкан) премьер-министрлер Жумагулов, Муралиев, Танаевдардын колдоосу менен жана ошол убактагы парламенттин спикери менен ж.б. дагы керектүү жетекчилердин макулдугун алып, “Кумтөр” кенин барымтага берип коюшканын да жакшы билебиз. Алардын “ак эмгеги” “Кумтөрдүн” жетекчилиги тарабынан татыктуу бааланып, ошол убакыттан ушул убакытка чейин азыр дагы ай сайын, жыл сайын чейрек миллионго чейин өзүлөрүнүн дивиденттерин үзгүлтүксүз алып жүрүшкөнү да белгилүү.
Ошол эле жол менен кийинки Бакиевдин куурчак хандыгы, анан аны кетирген Убактылуу өкмөттүн эрдиги, албетте, Мамдептин жетекчилигинде жана активдүү катышуусунда, анан Атамбаевдин хандыгы, анан...
Акыры ач көз, арамза, арсыз (Мамдептин ою менен болгон) куурчак хандыктардын өзүмбилемдигинен тажаган эл, өзүңүз күбө болгондой, эч бир командасыз өзү көтөрүлүп, бийликти өз колуна алып, катардагы карапайым калктын кызыкчылыгын коргоп, экономиканы кайра жандандырып, элдин турмушун оңдоого иштеп берер бекен деген үмүт менен өзүнүн чынчыл жана бийлик менен келишпес мамилеси үчүн зулум хандыктардан көргөн кордугун эске алышып, Садыр Жапаров мырзага элдик бийликти (хандык эмес! – ЭЛДИК БИЙЛИКТИ) жоопкерчилик менен жүргүзөсүң деп жалпы элдик Референдум аркылуу колуна карт-бланш катары беришти.
Анын эмнеси жаман же эмнеси жакпай калды? Аны билиш үчүн Садыр Жапаровго эмес - элге кайрылышыңыз керек эле: “Э, айланайын эл, эмнеге мындай чечим кабыл алдыңар? Эмнеге менден бир ооз сурап койгон жоксуңар?” деп.
Убагында Акаевдин куурчак хандыгы Равшан Жээнбеков ж.б. достору менен элдин мүлкүн талап-тоноп, сатчусун сатып, калганын бекер менчиктеп алып жатышканда, айтыңызчы, урматтуу Алмамбет Матубраимович мырза, кайсы министр, же премьер-министр, кайсы парламенттин спикери же бир башка жооптуу кызматкер Акаевге кайрылып: “Ай, А.А., эми болбодубу, ичээрин ичтиң, жээрин жедиң, эми ушунчаңда сыйың менен кетип кал, бизди да кор кылып, уяткарбай!..” деп бир ооз сөз айтканга жарадыңарбы?..
Ооба, эми минтип, эл ишеним артып берген ишине киришип жатып, урматтуу Садыр мырза эне-атасынын, уулунун арбагын эске алганы, балким, жазыксыз капаста жатып Жараткандан кийинки жакын адамдарынын өмүрүн сактап калууга үлгүрбөй калганына капа болуп, айтса айткандыр...
Ал эми өз максатына жетиш үчүн бейкүнөө адамдардын өмүрүн кыйганга чейин барып, алардын арбактарын да өз пайдасына иштетүү максатында ант беримиш болуп, Сэм байкенин кызыкчылыгына гана кызмат кылып жүргөн куурчак хандыктардын баасын эл эми-эми гана түшүнүп, билип калышпадыбы...
Анткени АКШнын Кыргызстандагы элчилиги аркылуу азыркы учурда ар кошкон эл аралык аферистер “Адам укугун коргоо” деген фишканы көтөрүп алышып, гей-гомик, наркоман жана ачык сойкулук “өнөрлөрүн” көчмөндөр цивилизациясынын башатында турган Улуу Кыргыз Элинин күнүмдүк жашоо турмушуна салт катары киргизүү максатында ички бейөкмөт уюмдарынын жугундуга тойгон машке, дөбөт, канчыктары аркылуу жер-жерлерде үрөй учурган “маалыматтарды” атайын таркатышып, эски Баш мыйзамдагы кыргыз элинини менталитетине жат сапаттарды сактап калуу максатында бийликке ачык эле басым жасап жатышканы эмнеден кабар берет?
Ооба, алар кыргыз элин акыркы активдүү 10 жылдын ичинде, жалпысынан алганда өткөн 30 жылдын ичинде, мойнунан байлаган иттей жетелеп алып жүргөнгө үлгүрбөй калгандарына ыза болушуп, эми эмне кылар айласын таба алышпай, аргасыздан аянтка чыгып алышып, айгайлап, жан соогалап жатышканын өзүңүз деле көрүп, билип, түшүнүп калдыңыз го деп ойлойм.
Анын ичинде, дагы бир парадокс жөнүндө айта кетейин. Аракеттеги Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин сактоо боюнча парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт. Ал кызмат НПОшниктерге окшоп сырттан каржыланган бейөкмөт уюм эмес – ал Жогорку Кеңештин өкүлү. Эми, ошол киши, Кудай өзү кечирсин, арам тамак НПОшниктерге кошулуп алып, Венециан комиссиясына атайын кайрылыптыр: “Кыргыздар силер жазып берген Конституцияны бузуп, өзүбүзчө эркин жашайбыз деп, мобу Баш мыйзамды кабыл алганы жатышат. Срочно чара көрүп бериңиздер?!.” деп...
Дагы бир көрпенделик нонсенс - өзүн өзгөчө окумуштуу, тилчи, юридикалык жактан такшалган адис катары сезген Мирлан Дүйшөнбаев: “- Кыргыз элинин чыныгы окумуштуу инсандары жана жогорку дегээлдеги кесипкөй адистери тарабынан коомчулугубуздун бардык катмарында эмгектенген патриот жарандарыбыздын сунуштарынын негизинде эки ай бою күнү-түнү тынбай эмгектенип жараткан эмгеги – жаңы Баш мыйзамдын долбоорун сынга алыптыр. Ал: “1-бөлүмдүн 1-беренесинин 1-пунктундагы “...светтик жана социалдык мамлекет” дегенди “лайыктык жана социалдык мамлекет” деген туура болмок” дейт. Андан ары ал: “2-бөлүмдүн 24-беренесинин 2-абзацындагы “Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жайдайлары боюнча кодулоого алынышына тыюу салынат” деген сүйлөм, нормалдуу адам түшүнө албай турган абаркадабра экендигин көрүп түрасыздар” дейт. Андан ары: “Конституциялык кеңешменин курамындагыларды тилчи атпайдын бирөө жарымы карап койсо болмок...”- дейт.
Өзүңүздөр көрүп тургандай, ушул “тилчи-сынчы-окумуштуунун” ЛАЙКЫН, АБАРКАДАБРАСЫН, ТИЛЧИ АТПАЙЫН ж.б. акылга сыйбаган “ачыктамаларын” айтып отуруунун, албетте, бул жерде эч кандай кажети деле жок экени шексиз...
Эми ушул, тантыраган сынчылардын арасында Сиздин да жүргөнүңүз, кечиресиз, мен үчүн таптакыр түшүнүксүз. Анткени, алар, эбак эле сатылып кетишкен. Аларда ар, намыс (честь, достоинство) деген ыйык түшүнүктөр болбойт. Алар бекер оокат үчүн өлкөнүн Баш мыйзамын гана эмес - өз энесин да атып салгандан кайра тартпаган, кадимки кара курсактын кулу - маңкурттар экенин айткым келет Сизге...
Ал эми Сиз, Жарыктык Киши, кадыр-барктуу, пайгамбар жашынан өтүп калган билимдүү инсан катары, ушул жашка келгени ошол бузуку шылуун-шүмшүктөрдү жөнөкөй, токтоо мүнөз, момун, карапайым кыргыз калкынын адептүү уул-кыздарынан ажырата албай калганыңызга мен, бир чети таң калсам, экинчиден - бул өзү, өкүнүчтүү симптом болуп калышы мүмкүн экенин баамдап, капа болуп отурамын...
Сизге терең урматым менен,
Коллегаңыз Карыбай Турусбеков
тел.: 0704 200612
Булак: “Майдан. kg” гезити