Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 703

Дүйнөдө эң татаал маселе - бул чек ара. Согуш, апаат, алаамат бут ушул чек арага байланышкан. Заманбап дүйнөдө али күнчө Палестина-Израиль талашы дал ушул чек ара маселесине байланышып, жалпы адамзатты чоочутуп келатканы буга далил. Чек ара маселесине келгенде эч качан утулган тарап болбошу керек. Эки тарапты бирдей канааттандырган келишимдер кабыл алынып, профессионал адистер гана бул маселени чечкенде чек ара коопсуздугу жолго коюлат.

Кыргызстандын буга чейинки бийлик башчылары   коомчулуктун ар кандай пикирлерден коркуп, чек ара маселесин чечпей келишкен. Башкача айтканда,  чечкиндүүлүккө барышкан эмес. Эми демилгени колго алып, чек арага жакын аймактардагы күн алыс болуп келген чыр -чатактарды түбөлүккө токтотуу маселесин көтөргөн Камчыбек Ташиев жөнүндө да коомдо ар кыл көз караштар чыга баштады. Ачыгын айтыш керек, Тажикистан, Өзбекстан интернет сегменттеринде биздин азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиевди жерден алып көргө урган, өздөрүнун бийлигин сөгүп, «кыргыздарга жерибизди, кенибизди, суубузду алдырып жибердик, Ташиев туруктуу позицияда туруп, чек ара маселесинде Кыргызстанга көп аймактарды алып алды» деген пикир күч. Кызыккандар окуп койсо болот. Маселенин түпкү максатына келип, мамлекетибизде түбөлүк тынчтык болсун десек коңшулар менен компромисске келип, эки тараптуу көйгөйлөрдү сүйлөшүү жолу менен тараптар ынангандай бир пикирге келишибиз керек. Болбосо провокациялык жагдайда Душанбе менен Ташкент кыргыздын жери болчу деп албуутана берген менен маселе чечилбейт.

Ырас, С Жапаров да К. Ташиев да келечек, тарык алдында кара так болуп калгылары келбейт. Демек, чек ара маселесин тактоодо алар Кыргызстандын кызыкчылыгын сүрөбөй жатышат деген догма жалган жалаа жана карандай калп. Кудай коңшуну анан мекенди тандап бербегендей эле Кыргызстандын казак, өзбек, тажик, кытайдан башка коңшусу жок. Болушу да мүмкүн эмес. Мына ушундай шартта биз мамлекеттүүлүгүбүздү бекемдеш үчүн ириде чек ара маселелерин чечип, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыз кылуу биринчи маселе. Мына ушул жагдайдан алып караганда К. Ташиевдин ишин биз сындап эмес, сүрөп турууга мажбурбуз.

Жакында, Лейлек районундагы Арка айылындагы жолдон Тажикстанды көздөй баратат деген бир нече бензовоздор чагылдырылган видеону соцтармактарга таратышты. Ал бензовоздордо күйүүчү май бардыгын жана бул Камчыбек Ташиевдин убадасынан (Тажикстанга күйүүчү май алып өтүүгө убактылуу тыюу салынган) кийинки көрүнүш экенин баса белгилеп айтып башташты. Болбосо ал бензовоздор кайдан чыкканын, аткарган милдети тийиштүү кызматтар тарабынан бир нече ирет түшүндүрүлдү. УКМКнын Чек ара кызматы Лейлек районундагы нефти чыгаруучу компаниянын бензовоздору чийки затты Кочкор-Ата шаарына ташып жатканын билдиришкен. Бирок мындай расмий маалыматтан кийин да Кыргызстандын бир облусунан экинчи облусуна мунайзат ташыган автоунааларды Ташиевдин калпы катары көрсөтүүгө аракеттенгендер токтошкон жок. Демек, алардын видео тартуудагы максаты ушул болгон, жалганды чынга айлантып, Камчыбек Ташиевдин мамлекет үчүн жасап жаткандарын коомчулукка тескери образда чагылдыруу болгон. Ар бир адамга Жараткан өзү абийир берсин.