Аны азырынча айтыш кыйын. Ошентсе да бул ирет да президенттик шайлоого катышкандай  эле шайлоочулардын катышары талашсыз. Бул жагдайды болжолдуу түрдѳ болсо да билүү максатында “Жалпы иш” коомдук фонду сурамжылоо жүргүзүп, анын жыйынтыгын жарыялады.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ишенсек, суралгандардын 73%ы 1-апрелде шайлоо ѳтѳрүн жакшы билише турганыне айтышса, алардын 80 %ы шайлоо участокторуна барып, тигил же бул партияга добуш берише тургандыктарын билдиришкен.

22 %ы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо административдик ресурстар колдонула турганы айтышса, 20 %ы добуштарды сатып алуу жүрѳт деп ойлошот экен.

Башка  маселе, добуш берүүгѳ шайлоочулардын теңинен кѳбү катышып, шайлоонун легитимсиздини боюнча маселе жаралбайбы, же акыркы шайлоодогудай болобу? Аны албетте, 11-апрелдеги шайлоодо биле алабыз.

Булак: “Майдан. kg” гезити