Президент Садыр Жапаров Улуттук мамлекеттик коопсуздук кызматына 2010-жылдын июнунда болуп өткөн кандуу окуялардын материалдарын дыкат кайра иликтеп, жыйынтыктарын берүүнү тапшырды.
Убагында ал окуяларды БУУнун, эл аралык коомчулуктун эгидасындагы көз карандысыз Киммо Кильюнендин жетекчилигинде абройлуу комиссия баш болуп, он комиссия иликтеп, жыйынтыктарын жарыялашкан. Алардын бардыгы түз жана кыйыр түрдө ал окуялардын келип чыгуусуна ошол убактагы Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү күнөөлүү экендигин ырасташкан. Бирок, Убактылуу өкмөттүн ал мүчөлөрүнө убагында укуктук түгүл саясый да баа берилген эмес. Алар андан кийин бир нече жыл эң жогорку кызматтарда иштешти, айрымдары дагы деле иштеп жатат. Мурдагы эки президент ал окуяларга түздөн түз аралашкан адамдардан болушкандыктан саясый жана укуктук толук баа берүүгө ачыктан ачык, көбүнчө тымызындан бут тосушкан. Эми ага тиешеси барлар кетишкенден кийин ал окуялардын материалдарын кайра карап, буга чейин тергеп тескөөлөрдөн тышкары калып келген адамдардын ошол убактагы иштерине, жоруктарына саясый, укуктук баа берүүгө мезгил жетти. Кайра иликтөөнүн жыйынтыктары менен алардын айрымдары кармалып, убактылуу кармоочу жайларга киргизилиши да толук мүмкүн. Анткени, ал элибиздин акыркы 60-70 жылдагы эң оор трагедияларынан болуп саналат. Ал эскирбейт, унутулбайт, кийинки муундар да нечен ирет кайра карап, өздөрүнүн тарыхый бааларын бергенге аракеттенишет.
2010-жылдын июнундагы Ош шаарында жана Ош, Жалал-Абад облустарында болуп өткөн окуяларда, Киммо Кильюнендин эл аралык көз карандысыз комиссиясынын жыйынтыктары боюнча, баардыгы 470 адам өлүп, 2 миңге жакын адам жарадар болушкан. Кагылышууларда 2 миңге жакын үйлөр жана коомдук жайлар өрттөлүп, элге жана мамлекетке 11 миллиард сомдон ашык зыян келтирилген. Жарадар болгондордун 925ине ок тийген. Ондогон аялдар жана кыздар зордукталган. Айрым жерлерде адам чыдагыс кылмыштар жасалган же адамдар койдой мууздалып, өлүктөрү кордолуп, мазакталган.
Кандуу кагылышууларда жасалган кылмыштар боюнча 5 миң 646 кылмыш иши козголгон менен алардын көпчүлүгү аягына чыгарылып, сотко өткөрүлгөн эмес. Же баардыгы болуп 532 айыпталуучу боюнча 336 кылмыш иши гана сотко өткөрүлсө, алардын 286сы гана сотто каралып, 488 адам ар кандай мөөнөттөрдө эрктеринен ажыратылган.
Уурдалып, тонолгон ок аткыч куралдардын бир бөлүгү табылбай калган. Алар азыр деле айрымдардын үйлөрүндө же башка жашыруун жайларда сакталып туруусу толук мүмкүн.
2010-жылы май айында, июндун башталышында айрым Кадыржан Батыров, Иномжон Абрасулов сыяктуу экстремисттердин провокациялык чакырыктары менен Кыргызстандын түштүгүндө саясый жана этностор аралык абал курчуп бараткандыгын Убактылуу Өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева, анын орун басарлары Алмаз Атамбаев, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев, башка күч органдарынын жаңы дайындалган жетекчилери, Ош-Жалал-Абад облустарын, шаарларын жетектеп тургандар жакшы билишкен менен убагында адекваттуу чараларды көрүшкөн эмес. Тескерисинче, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү өздөрүнүн бийликтерин сактап калуу үчүн экстремисттер менен ачыктан ачык ымала түзүшүп, алардын каржылык жана саясый ресурстарын жекече максаттарына пайдаланып келишкен. Мисалы, Кадыржан Батыров кандуу окуяларга чейин Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басарлары Алмаз Атамбаевдин, Өмүрбек Текебаевдин кабинеттерине көп жолу кирип чыккан. Кадыржан Батыров 2010-жылдын май айында эч кандай эскертүүсүз, тоскоолдуксуз Ош жана Жалал-Абад облустарындагы өзбектер компакттуу жашаган айылдарды кино жана теле операторлордун, журналисттердин коштоолорунда кыдырып, митингдерди өткөрүп, ачыктан ачык сепаратисттик, экстремисттик чакырыктарды жасап келген. Аны ага караштуу өзбек тилиндеги маалымат каражаттары көбүртүп, жабыртып чагылдырышып, эки элди козутуп, кайраштырып турушкан.
“Канча чубалса да жиптин учу болот” дегендей, эми конкреттүү күнөөкөрлөргө эки элге эң оор кайгы, экономикалдык чоң жоготууларга алып келген кандуу окуялар үчүн жооп берүүгө мезгил жетти. Ага кимдер түздөн түз күнөөлүү экендигин ошол убакта эки элди элдештирүү үчүн кара жандарын аябай чуркап жүрүшкөн К.Ташиев менен А.Келдибеков эң жакшы билишет. Убактылуу өкмөттөгүлөрдүн жана алардын айдакчылары болгондордун айрымдары чет өлкөлөргө качып кетише электе бөгөттүк чараларды коюу зарыл! Антпесе эртең күнөөлүүлөрдүн эч кимиси колго илинбей калышы да толук ыктымал.
Тынчтыкбек Бешкемпиров
Сапар алдындагы түкшүмөл
ТҮРКИЯ НЕГЕ АВТОРИТАРИЗМГЕ, РАДИКАЛДЫК ИСЛАМГА ООП БАРАТАТ?
Ататүрктүн мезгилинен бери Түркия мусулман өлкөлөрүнүн арасында эң прогрессивдүү светтик өлкө болуп келген. Акыркы он-он беш жылдан бери Түркиянын ал жолдон тайып, авторитардык башкарууга ыктап, исламдаша баштагандыгы дүйнөдөгү демократиялуу мамлекеттердин тынчтарын алууда. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департементи бир нече ирет тынчсыздануусун билдирген.
Акыркы ирет Осмон Караджанын кармалышына байланыштуу АКШ гана эмес, Бириккен Улуттар Уюмунун Жумушчу тобу да адам укугунун эл аралык нормаларынын жана стандарттарынын бузулгандыгына кабатырлангандыгын билдирди. Прогрессивдүү эл аралык коомчулук Түркия өкмөтүнүн 2016-жылдын июлундагы ишке ашпаган төңкөрүштөн кийин Фетхулах Гюленге жана анын тарапташтарына карата колдонулган массалык репрессиялык чараларын да кабылдабады. Анын шылтоосу менен Түркия өкмөтү 17 университетти жаап, 40 миңден ашык мамлекеттик кызматкерлерди, отуздан ашык генералдарды жана жогорку чиндеги офицерлерди кызматтарынан бошотту. Интернет аркылуу таратылган маалыматтарда Түркияда башкарууда жана расмий саясатта ультра улутчулдар жана радикалдык исламисттер үстөмдүк кылып бараткандыгы айтылууда.
Интернетте ультра улутчул Давлет Бахчели деген адам президент Реджеп Тайип Эрдогандын эң таасирдүү өнөктөштөрүнүн бирине айланса, саясый мотивде 41 адамды өлтүргөндүгү үчүн айыпталган Алааттин Чакичи Бахчелинин досу экендиги маалымдалды. Алардын достугу мындан ондогон жылдар мурда башталган экен. Экөө тең өткөн кылымдын 80-жылдарында аскерлештерилген неофашисттик “Көк карышкырлар” деген топтун мүчөлөрүнөн болгон. Ал кыймыл азыр Бахчелинин Улуттук кыймыл партиясына жаштар канаты катары кирет. ”Көк карышкырлар” Курдистандын жумушчу партиясындай эле кандуу ашкере солчулардан болушкан. “Көк карышкырлардын” мүчөлөрү көп жылдар бою ар жактарда жашырынып, качып жүрүшсө, Эрдогандын тушунда алар публикалык саясатка аралаша башташты. Алардын негизги куралы-шантаж, опузалап коркутуу, ар кандай жолдор менен атаандаштардын көздөрүн тазалоо болуп саналат. Алар азыр Түркиянын башкаруучу партиясы Эрдоган түзгөн Акыйкаттык жана өнүгүү партиясы менен байланышта экендиги да ачыкка чыгууда.
Акыркы жылдарда Реджеп Тайип Эрдоган өлкөнүн Баш мыйзамын оңдотуп, мамлекетти негиздеген Мустафа Кемаль Ататүрктөн да көп бийликти колуна топтоду. Ал өз бийлигин 2016-жылдын июлундагы ишке ашпаган төңкөрүштөн кийин дагы күчөттү. Ал авторитардык башкарууну күчөтүп, мафиялык топторго таянбаса өз бийлигин кармап калуусу өтө кыйын болуп баратат. Анткени, өлкөнүн экономикалык абалы начар, күндөн күнгө улуттук валютанын наркы төмөндөөдө. Өлкөдөгү алдуу-күчтүү тургундардын 15 пайызга жакыны жумушсуз. Акыркы социологиялык сурамжылап билүүдө калктын үчтөн биринен азыраагы гана Эрдогандын партиясын колдой тургандыгы маалым болду. Мындай шартта шайлоого барса ал өзү да, партиясы да утулат. Ошондуктан ал репрессиялык чаралар, ыкмалар аркылуу гана бийлигин кармап калганга аракеттенүүдө. Маселен, ал өзүнө жакын адамды чоң окуу жайына ректорлукка сунуш кылганда студенттер массалык каршы чыгышты эле, аларды террористтер катары жарыялап, көпчүлүгүн каматты. Ал өз саясатында улутчулдукка, пантүркизмге басым жасоодо. Алсак, ал азыркы Түркиянын негизделгендигинин 100 жылдыгын космикалык көрүнүш катары жарыялап, мааракелик иш чараларды өткөрүүгө каражаттарды аябастыгын билдирди.
Эрдогандын тышкы сяасаттагы бир катар чечимдери да мекендештеринин нааразылыктарын жаратууда. Алсак, АКШ, НАТО, Еврошериктештиктин көпчүлүк өлкөлөрү менен саясый, экономикалык жана гуманитардык мамилелерди кескин начарлатып жибергени элдин көпчүлүгүнө жаккан жок. Анткени, АКШда, Европада эмгек мигранттары болуп жүргөн түрктөр он миллионго жакын. Саясый мамилелердин начарлаганы алардын иштеп, жашоо шарттарына терс таасирлерин тийгизүүдө. Буга кошумча Эрдогандын бийлигинин Гюленчилерге карата репрессиялык чараларды күчөтүп жатканы ичтегилер гана эмес, тыштагылардын да нааразылыктарын арттырып жатат.
Албетте, алардын баары Түркиянын ички иштери, өз көйгөйлөрү. Кыргыз Өкмөтү ага кийлигишпейт. Бирок, Эрдогандын башка өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да ички иштерине кийлигишип, репрессиялык саясатын биздин өлкөдө да ишке ашырганы жатканы гана тынчсыздандырат. "Бектер кетет, эл калат, бетеге кетет, бел калат". Анын сыңарындай Эрдогандын бийлиги да бир күнү бүтөт. Ага чейин Кыргыз бийлиги анын кысым, басымы менен жалпы түрк элинин, кыргызстандыктардын кызыкчылыктарына каршы кадамдарды жасап жибербесе экен деген гана кооптонуубузду билдиргибиз келет. Анткени, президент Садыр Жапаровдун жакында Түркияга жасай турган иш сапарында Эрдоган дагы ультиматумдук талаптарды коюп, биздин ички иштерибизге кийлигишүүсүн бөркүңүздөй көрсөңүз болот.
Автандил Белеков, Булак: “Майдан. kg” гезити