Жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкуулоо финишине жакындады. 11-апрелдеги жалпы элдик добуш берүүдө жаңы Баш мыйзам кабыл алынат, андан шек санабасак болот. Аны кабыл алуу алдында Конституциялык кеңешменинин мүчөлөрү биз Долбоордогу жайнаган каталарды  көзгө сайгандай кылып көрсөткөндөн кийин, өздөрүнчө позага туруп алышпастан, илбериңкиликтерин көрсөтүп, аны дагы бир ирет текшерип, кайра жарыялаганы жатышканы мактоого татырлык. Бирок, шашылышта дагы башка каталарга жол коюшпаса болду. Мени  ошол гана тынчсыздандырат.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык, Кыргызстан супер президенттик башкаруудагы өлкө болот. Биз буга чейин башкаруунун парламенттик, парламенттик-президенттик, президенттик-парламенттик формалардагы башкаруулардын бардыгын колдонуп, бирок алардын бардыгы саясый, экономикалык жана социалдык өнүгүүбүзгө өбөлгө боло  албагандан кийин ушул форманы тандаганга аргасыз болдук. Чындыгын айтканда, кандай формадагы башкаруу болсо деле буга чейин президент баардыгын чечип келген, баардыгына жооп берген. Бизде өлкөнүн абалын мамлекет башчысынын орду, бейнеси менен ассоциалаштыруу мурдатан калыптанып калган. Бир гана айырмасы, президент айрым маселелерди интригалар, ар кандай шахматтык жүрүштөр менен чечсе, жаңы Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин түз эле чече баштайт. Ал мамлекет башчысынын гана эмес, Өкмөт башчысынын да милдетин аткарганга өтөт.

Министрлер кабинетинин жетекчиси президенттик администрациянын деңгээлиндеги кызмат болуп калат. Мындан ары Өкмөттүн элдин атынан сүйлөгөнгө укугу болбойт. Министрлер кабинетинин башчысынын кызматтан кетиши Өкмөттү отставкага кетирүүгө негиз болбойт. Мени  мында бир гана түйшөлткөн нерсе, Президенттин администрация башчылык кызматы менен министрлер кабинетинин башчысы кызматтарын толук шайкеш кылып, аткарып кеткенге мүмкүн эмес. Анткени, экөөсүнүн тең милдеттери оор. Администрация башчысы кагаздар менен иштейт, мониторинг жүргүзүп, талдап иргөөлөр, кадрлар маселеси менен алектенип, негизинен кабинеттен чыкпай отурса, министрлерди жетектеген адам тынбай жер-жерлерде болуп, аймактардагы экономикалык, социалдык абалдар менен үзгүлтүксүз таанышып, көп маселелерди жеринде чечип турушу керек. Бул эки кызматты кантип айкалыштырат? Же Президенттик администрация башчысынын кызматтык милдеттерин анын биринчи орун басары аткарабы? Андан башка жол жок.

Элге өзгөчө жакканы, Жогорку Кеңештин курамын 90 депутатка түшүрүп, андан чоң кызматтарды бөлүштүрүүнү алынып салынганы бөлдү. Мурда фракциялар салмактарына жараша майлуу-сүттүү  кызматтардын бардыгын өз ара бөлүштүрүп алышып, өз адамдарын гана дайындап келишсе, жаңы Баш мыйзам күчүнө киргенден тартып, андай практика биротоло  жоюлат. Министрлерди, ведомстволордун башчыларын Президент-Өкмөт башчысы сунуштайт, аны парламент карайт. Ал эми аркаларында чубалган калбырлары бар, көлөкөлөрүнөн корккон депутаттар мамлекет башчысы тараптан кандай демилге болбосун аны кош колдоп колдошору турган иш.

Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда Жогорку Кеңештин депутаттары кандай формада шайланары көрсөтүлгөн эмес. Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеңеш жөнүндө Конституциялык мыйзам аркылуу депутаттардын бардыгы бир мандаттуу округдардан шайлана турган норма киргизилсе, эң туура болмок. Анда партиялардын  депутаттык мандаттарды сатканы же саясый коррупция  кан буугандай токтомок. Парламенттин эл менен байланышы да чыңдалмак. Азыр депутаттар партиялардын лидерлери менен гана эсептешишет, ал эми аларды шайлаган шайлоочулар, эл менен иштери деле жок. Депутаттарды  бир мандаттуу округдардан шайлоо киргизилсе, парламенттин сапаты кескин жакшырат, анткени ага негизинен билими, эл менен иштөө боюнча тажрыйбасы, харизмасы барлар гана келет.

Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунда Мамлекеттик катчы институтунун киргизгендигин колдойм. Болбосо илимий-билимий, маданий-адабий, социалдык тармактар сөздүн толук маанисинде жетим калышты. Алардын иштерин координациялап, арыз-муңдарын угуп, аларды мамлекет башчысына жеткирип турган эч ким болбой калды. Бирок, Мамлекеттик катчынын компетенциясына кирген маселелер, ыйгарымдары кандай болот? Ал жетишерлик ыйгарымдары, өзүнчө аппараты жок  жок жөн эле “свадебний генерал” болуп калса, ишинин натыйжасы деле болбойт, өзүн актабайт. Аны элдин, мамлекеттин рухий, адеп-ахлактык дөөлөттөрүнө координатор кылып койгондон кийин, демек, анда жетишерлик ыйгарымдар да болушу керек.

Анан Долбоордун 74-75 беренелеринде логикага сыйбаган, ички карама каршылыктагы норма бар. Анда Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотсо, анда анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы, ал аткарганга мүмкүн болбосо, Министрлер Кабинетинин төрагасы аткара турганы көрсөтүлгөн. Кабинеттин төрагасы - Президенттик администрациянын башчысы да экендигин эске алганда президенттин милдетин аткаруучу өзүнүн администрациясынын башчысы да болуп калабы? Анда ал эки эмес, үч кызматты  аркалайт. Андай көрүнүш  аракеттеги бир да укук-ченемдик нормага ылайык келбейт. Администрация башчысы менен Министрлер кабинетинин башчысы Баш мыйзамда бириктирилип калгандан соң, аларды бөлгөнгө да эч кимдин укугу жок.

Биздин оюбузча, жаңы Баш мыйзамдын кабыл алынышы- өлкөдөгү андан аркы терең  реформаларга түрткү бериши керек. Алардын ичинен эң зарылы - административдик-аймактык реформа. Ачыгын айталы, азыр жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик органдарында советтик мезгилдеги райком, обкомдордун ондон биринче да укуктары, каржылык мүмкүнчүлүктөрү  жок. Күчтүү аймактарсыз - күчтүү мамлекет болбойт. Демек, жергиликтүү аймактык-административдик бирдиктер кескин азайтылып, алардын кадрдык, каржылык, экономикалык укуктары, мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилүүсү зарыл.

Жаңы Баш мыйзам  саясый, экономикалык жана социалдык жактардан өнүгүүбүздүн жаңы барактарын  ачуусу зарыл. Ошондой болот деп үмүт кылып туралы.

Мирлан Дүйшѳнбаев, Булак: “Майдан. kg”  гезити