Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашова Ички иштер министри Улан Ниязбековдун өз каалоосу менен кызматтан кетишинен күмөн санап жатат. Бул тууралуу ал өзү Vesti.kgнин кабарчысы менен болгон сүйлөшүүдө билдирди.

"Биздин мамлекетте Ички иштер министрлигинин башчысы кызматтан кетиши мүмкүн эмес", - деп белгиледи Мамашова. - Тилекке каршы, биздин чиновниктер жасаган иши үчүн жеке жоопкерчиликти сезишпейт. Ал отставкага кетпейт. 

Эл өкүлү аялдар зордук-зомбулукка жана уурдоо фактыларын азайтуу үчүн мыйзамдардагы боштуктарды жоюуга аракет кыларын кошумчалады.

Эске салсак, Бишкектеги Ички иштер министрлигинин имаратынын жанында аялдарды уурдоого каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат. Чогулгандар Ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

 

Булак: vesti.kg