"Ыңкылаб, революция, төңкөрүш... Кыргыздарда ушул сөздөрдүн мааниси бир окшойт. Так айтканда, максаты бир көрүнөт, бийликти басып алуу. Кандайдыр бир топтун жеке кызыкчылыгы үчүн.
Өлкөбүздө ушундай төрт окуя болгон. Октябрь -1917, март -2005, апрель -2010 жана октябрь -2021...
Жалгыз гана Улуу Октябрь социалисттик революция элибизге реалдуу жакшылыктарды көбүрөөк алып келди. Мамлекетибиздин түпкүсү пайда болду, өнүккөн өлкө курулду. Элдин көпчүлүгү татыктуу жашоого ээ болду.
Калган "революциялар" бир гана бийлик алмашуу менен аяктады. Өнөрлөр мурунку эле калды.
Кыргыздын улуу сөзү - "бетеге кетет бел калат, бектер кетет эл калат" абдан туура. Кайран элим, алданып эле жүрөт экенсиң! Бирөөнүн бийлиги үчүн өмүрлөрүнөн ажыраган балдарга таазим кылабыз, бирок ой пайда болот - зарылчылык болгонбу??? Албетте, жок! Баатырлар аз эмес, бирок алардын аракеттерин башка бирөө пайдаланды...
Менин пикирим - чыныгы революция алдыбызда", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.