"Көз карандысыз соттор...

Бул өтө татаал жана орчундуу маселе. Кантип камсыз кылса болот?

1. Сотторду тандоо Кеңешинин көпчүлүк мүчөсү соттордун өзүлөрүнөн турушу абзел! Конституциянын долбоору боюнча аталган Кеңештин 2\3 судьялардын өкүлүнөн турат деп аныкталган. Азыркы Конституцияда болсо 1\3 Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициядан, 1\3 азчылыктан, 1\3 Судьялардан турат. Башкача айтканда сот системасы толугу менен саясатташкан жана Жогорку Кеңештен көз каранды болуп калган.

2. Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьялары сөзсүз түрдө Жогорку Кеңештин макулдугу менен кана Президент дайындаш керек. Азыркы жана болочок Конституцияда тең бул норма сакталган.

3. Болочок Конституцияда өз алдынча Конституциялык Сот каралган. Азыркы Конституция боюнча Конституциялык Соттун өз алдынчалыгы жоюулуп кеткен, Жогорку Соттун бир Палатасы болуп калган.

4. Сот системасынын вертикалы түзүлүп, алар башка 2 бийлик бутактарынан обочолонгону маанилүү. Конституциянын долбоорунда жергиликтүү соттордун башчыларын Жогорку Соттун башчысы дайындайт деп турат. Демек, бул норма сот системасынын көзкарансыздыгына дагы бир кадам десек болот.

4. Сот бийлигинин өз алдынча бюджети болушу зарыл. Конституциянын долбоорунда бул талап так жана ачык көрсөтүлгөн.

5. Тарыхта биринчи жолу Президенттин импичменти Президенттин жана анын министрлеринин, Админстрациясынын сот ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз кийлигишүүсү менен түз байланыштырылды. Башкача айтканда, телефон аркылуу судьяларга Президент тарабынан кандайдыр бир кысым болсо, бул нерсе Президентти жумуштан кетирүү процедурасына алып келиши мүмкүн! Мындай мыйзамсыз кадамдарга Конституция түздөн-түз бөгөт койду десек болот! Бул да өтө маанилүү!

Жыйынтыктап айтканда: соттордун көз карансыздыгына дагы бир чечкиндүү кадам жасалды!

Албетте, азыркы Конституция боюнча, болочок Конституция боюнча деле жергиликтүү сотторду Президент дайындайт. Бирок, каалаган эле кишисин дайындай албайт, судьялар сөзсүз тандоо Кеңешинен өтүп келиши зарыл..." - деп жазды саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев соцтармактагы баракчасына.