"Урматтуу Исмаил Исаков, Кудай буюрса, 2010-жылдагы кыргыз элине кылган "жакшылыктарыңыз" үчүн аз күндөрдө жооп бересиз. Эми канча элдин көңүлүн башкага бурууга аракет кылбаңыз, Камчыбек Ташиев тууралуу эмне деп дөөрүсөңүз да, айла жок. Чыдаңыз жана шериктериңизге да түшүндүрүп коюңуз. Жөө жомоктун доору өттү да кетти.

Баса, Кадыржан Батыровду так  сиз Кыргызстандан качырганыңыз эсиңиздеби? Кандуу июнь окуяларына түздөн-түз тиешеңиз бар экенин унутпадыңызбы? Унутсаңыз эч нерсе эмес, жакында тергөөдө баары эсиңизге түшөт. 2010до кор болуп өлгөн мекендештерибиздин рухтары, ал маркумдардын артында калган адамдардын каргыштары кантип эле сиздерди тынч койсун?! Тезирээк бул дүйнөдөгү жазаңарды алсаңар, анан акыретте дагы калганын Аллахым Өзү көрсөтөт. Бакылдап эми суудан курук чыга албайсыңар деп ишенем", - деп жазды журналист Өткүрбек Рахманов соцтармактагы баракчасына.