Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 284

Генерал Исмаил Исаков өлкөдө болуп жаткан окуяларга активдүү позициясын билдире баштады. Буга чейин маанилүү окуяларда коңулга кирип кеткен генералдын капысынан көз карашын ачык жарыялаганы көптөр үчүн таң калыштуу болуп жаткандыр. Бирок Исаковдун саясатчы катары мүнөзүн жакшы билгендер шамал кайдан жортуп жатканын дароо аңдашты.

Исаков Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек араларын чечишүү аракетине баасын бериптир. Кыскартып жалпы маанисин келтиргенде, кыргыз бийлиги өзбек бийлигине алданып, суулуу, жайыт жерлерин тарттырып, ордуна кайракы, таштак жерлерди алыптыр. Кыргыз-өзбек чек ара маселесин такташуу үчүн түзүлгөн кыргыз делегациясын баштаган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жана тийиштүү кызматтар бул жааттагы жетишилген макулдашуулар тууралуу кеңири маалымат беришүүдө. Анда бир катар такталбаган жерлер Кыргызстандын пайдасына чечилгенин жана ага тынчтык негизде, эки тараптык түшүнүүчүлүктүн артында болгону чоң мааниге ээ экенин айтышкан. Бирок генерал түз жерден жыртык таап, өзүнүн "оппозициялык" көз карашын чагылдырууну туура деп тапты. Эмне үчүн?

Анткени, жакында президент УКМКга 2010-жылдагы июнь окуясын иликтөөнү жандантуу тапшырмасын берди. Кандуу окуянын күнөөкөрлөрү жазасын алышы керек. А Исаков 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү жана коргоо министринин милдетин аткаруучу болгон. Түшүнүп жатасыздарбы? Исаковдун ошол убакта ээлеген кызматы Ош окуясынын жоопкерчилигине түздөн түз байланыштуу болуп жатат. Кандуу окуяны казса өзүнүн жоопкерчилиги чыга калышын так билгендиктен, алдын ала бийликке каршы маанайга өтүп, анын аракеттерине терс көз карашын билдирип, акырында "саясий куугунтук" деген шылтоого жамынып, суудан кургак чыгайын деп жатат.