Зарифинин провакациялык билдирүүсү Тажик бийлигинде “Ворух эч качан анклав болгон эмес, аны Тажикстан анклав деп эсептебейт” деген позицияны карманууга аракет болуп жатканын көрсөттү. Хамрохон Зарифинин айткандарына Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги же башка ыйгарымдуу органы түзөтүү берген жок. Эгерде экс-тышкы иштер министри өз пикирин эле айтса, Тажикстандын чек ара кызматы же Тышкы иштер министрлиги ”Зарифи пенсионер адам, ал өзүнүн жекече инсандык көз карашын билдирди. Тажик өкмөтүнүн расмий позициясы андай эмес, эки өлкөнүн ортосундагы достук, шериктештик мамилелерге негизделет” дегендей комментарий берип койсо, кеп башка эле. Бирок Тажикстандын бир да расмий мамлекеттик органы антпеди. Демек, Хамрахон Зарифинин билдирүүсү Тажикстандын өкмөтүнүн буйрутмасы менен болгон.
Бир нерсени баса белгилеп кетким келет. Зарифи мындай билдирүүнү жөн эле таркаткан жок. Бул Кыргызстандын азыркы жетекчилеринин ой-пикирлерин, маанайларын текшерүү үчүн таратылган маалымат болду. Эгерде Кыргызстан тараптан эч кандай реакция болбосо, Тажик тарап андай позицияны дагы күчөтүп, акырындап Тажик Өкмөтүнүн расмий позициясына айландырат болчу. Бирок, биз тараптан катуу жооп болгондон кийин Зарифи “эсине келе” түштү.
Чындыгында Кыргызстандын чек ара маселелеринде Тажикстан бийлигин ийге келтирүүчү рычагдары көп. Суу, жол, жайыт боюнча бизге көз каранды айылдары аз эмес. Ал эми Тоолуу Бадахшан облусу да көп жагынан Кыргызстанга көз каранды. Ал облуска керектүү азык-түлүктөр, кийим-кечелер, буюм-тайымдар Ош аркылуу ташылат. Биз ал жакка кеткен автожолду жаап салсак, эки-үч айдын ичинде эле Бадахшандыктардын тиричиликтери өтпөй калганы турат. Кыргызстандын Тажикстанга андай көз карандылыгы жок. Демек, Зарифиге окшогондорду эсине келтирүү үчүн Кыргызстан да өз рычагдарын кыймылга келтириши керек. Ошондо гана алар эстерине келишет, провакациялык билдирүүлөрдү таратып, эки өлкөнүн ортосундагы абалды курчуткан аракеттерге барууларын токтотушат.