"Кызык нерсе. Ким болбосун президент болоору менен анын лексиконунда мындай сөздөр пайда болот экен: "Деструктивдүү күчтөр бар", "Акаевдин (Бакиевдин, Атамбаевдин, Жээнбековдун) тарапташтары иштөөгө мүмкүнчүлүк бербей, тоскоолдук жаратып жатышат..."
Ал сөзсүз аскердик акцияларга катышат жана ӨЗҮНҮН чечиминин тууралыгын дайыма кайталайт.
Ага сын айткандардын баары дароо бир гана анын эмес, жалпы элдин каршылаштарына айланат.
Жигиттер качандыр бир түзүк эле болушчу...
Кошматчылар өз ишин жасап жатышат", - деп жазды экс-депутат Исхак Масалиев соцтармактагы баракчасына.