"Импичмент маселесин коюу жана баштоо абдан жеңил болушу мүмкүн эми. Болгондо да, импичмент маселеси жалгыз гана Президенттин өзүнүн иш аракетине байланбайт! Анын кайсы бир министри же админстрациясынын өкүлү же акими кайсы бир соттун ишине же Жогорку Кеңештин ишине мыйзамсыз кийлигишсе, кесепети түз эле Президентке тийет. Жана импичмент маселесин баштоого негиз түзүлүшү мүмкүн!

Ошол үчүн бул берене боюнча бүт аткаруу бийлигинин өкүлдөрү сот жана парламенттин ишине мыйзамсыз киришүүдөн мурун терең ойлонуш керек! Себеби, алардын түз "шефи" болгон Президентке кесепети тийет!

Бул норманы ойлоп таап, Конституцияга киргизген Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүнө рахмат айтыш керек! Бул бийлик бутактарын баланстоодо эң чоң жана эффективдүү ыкма болуп берет! Бөркүңөрдөй эле көргүлө!" - деп билдирди саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев.