"Чынында чек ара маселесине  өтө кылдат мамиле кылыш керек. Тажикстандын мурдагы тышкы иштер министринин айткан сөзү эки мамлекеттин дипломатиялык мамилесине туура келбейт. Ал өз элине жакшы көрүнүп , депутаттыкка коёюн, саясый дивидент алайын десе керек. Бирок, эки элдин ортосуна от жакпашы шарт. Мындай сөздөрдү сүйлөп,  от менен ойногон болбойт. Буларга Тажикстандагы 1990- жылдардын башындагы граждандык согуш сабак болуш керек эле. Эгер ошол согушта кыргыз мамлекети ортого түшүп, ынтымакты орнотпогондо 30 жылдан бери согуш токтобой, Тажикстан Ооганстанга кошулуп жок болуп кетмек. Ошон үчүн адыраңдабай чек ара маселесине  өтө кылдат мамиле кылышы, сактанып сүйлөшү керек. Кыскасы, чек ара маселесин эки элдин достугун,  ынтымагын жана урмат-сыйды  эске алып, жер алмашуу жолу менен гана чечиш аба менен суудай зарыл. Тагыраагы, Азербайжан менен Армениядагы чек ара маселесинен каза болгон 6 миң адамдын тагдыры сабак болушу керек", - деп билдирди "Саясат. kg" маалымат порталына экс-депутат Бейшенбек Абдыразаков.