"Тарых барактарында кара тамга менен жазылып, түбөлүк көкүрөктөн кетпей калган кайгылуу, күйүттүү окуянын себепкерлери сөзсүз өз жазасын алышы керек. Күнөөлүүлөр жооп бербесе кыргыз тарыхында ар бир 20 жылда кайталанган үч жолку кандуу окуя кайра бир күн кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Күнөлүүлөр мыйзамдуу жазасын албагандыктан, эч нерсе болбогондой кайра-кайра каалаганын жасап, "Боло берет Кыргызстанда, эмне кылсак да жооп бербейбиз", -деген кыялда, ар кандай оюндарды уюштуруп, элдин тынчтыгын бузушуп, каалагандай тайраңдап, тынч жата алышпайт.

Мыйзамдуу жоопкерчилик болгондо гана мындай ыплас адамдардын кадамына чекит коюлат. Кыргыз мамлекетин түрдүүчө эксперимент өткөрүүчү полигон кылганга мыйзамдуу бөгөт коюнун жолу - күнөлүүлөр жазасын алышы абзел. Өткөн тарыхта болгон кандуу улут аралык кагылышуулардын биринде да күнөлүүлөргө укуктук баа берилген эмес. Моралдык баа берилсе берилгендир, кызматтан алынып. Бирок мыйзам алдында эч ким жооп берген эмес.

Ошондуктан,  колтугунда котур ташы барлар мезгилди күтүп отуруп, саясый оюнга шылтоолоп, жекече кызыкчылыктардан улам кылымдап бирге,эриш аркак жашап,куда сөөк болуп,жуурулушуп кеткен,карапайым эки элди өрткө түртүп,козутуп ,отко түртпөйт деп тынч, кайдыгер болуп коюуга болбойт. Ошондуктан,  жок дегенде акыркы 2010- жылдагы июнь окуясына укуктук баа берүү жөнүндө изилдөө кеч болсо да туура чечим. Убактысы, мезгили эми келди. Ар нерсенин өз учуру келет. Мыйзамдуу укуктук баа берилгенден кийин карапайым эки эл түшүнүп, жыйынтык чыгарышат буюрса. Жабырланган, өлгөн, өрттөнгөн, жоголгон карапайым элдин балдары. Сабыр,сабыр,сабыр деген ушундай болот.

Он бир жылдап күткөн күн келди. Азаматтар. Акырына чыккыла. Акты ак, караны кара дегиле тарых алдында, Кудай алдында, боздогон карапайым адамдардын алдында, элдин үмүтүн актап, көксөөсүн кандыргыла.

Өлүк- тириги жок, баласынын табытын таппай боздогон энелердин жок дегенде күнөлүүлөр жазасын алып, балдарынын арбагын ыраазы кылышсын. Мекенчилдик, атуулдук,жигиттик фазийпаңарды аткаргыла. Көк жалдыгыңарды көрсөткүлө азаматтар. Кандан,өлүмдөн,боздогон көз жаштардан дүнүйө,байлык чогулткандардын жүзүн ачкыла. Адилеттүүлүк орносун. Ар бир кадамды ойлонуп жасай турган болушсун. Эки элдин ынтымагы өлкө үчүн баарынан кымбат.Биз эгемендүү мамлекетбиз. 7- апрель окуясын да унутпагыла. Анткени,  апрель, июнь окуялары бир бирине тамырлаш, жаакташ.

Ячейка, АУБ, уурдалган алтындар, атылган балдардын кимдер, кайдан атылышы, белгисиз снайперлер, 87 баланын кайдан топтолгонун, сарпталган миллиондор, мезгилсиз байыгандар ж.б. жөнүндө иликтөөнү катар  баштагыла. Анткени, эки окуя бир бирине уялаш. Антпесе, өлкө ичинде темирдей тартип болуш керек. Темирдей тартип, жоопкерчилик болсо, ийгилик болот. 30 жылдан берки бейбаштар, мамлекетти каалагандай калчагандар,кыргыз тарыхы,элдин тагдыры менен ойногондор тартипке келет. Ар ким кылган кылмышына жооп берерин сезиш керек. Кудай колдосун", - деп жазды экс-депутат Надира Нарматова соцтармактагы баракчасына.