Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 647

-Ташиевдин чек араны чечем деген аракети тажиктерге жакпай экс- тышкы иштер министри айбат көрсөтүүгө аракет кылдыбы?

- Мен  сиз тарабынан коюлган суроого таң калып турам?  Биз тажиктерге эмне үчүн жагышыбыз керек? Алардын ниеттери бузук экендигин кечээ эле тажиктердин  экс-министри одоно түрүндө өздөрүнүн арам ойлорун билгизишпедиби? Камчыбек Ташиевдин чек араны чечүүгө болгон аракети чыныгы эрдик! Буга чейин  чек араны жетектеген бир дагы кыргыз "азаматы" мындай чечкиндүү кадамга бара алган эмес. Анткени алардын көбү кыргызга күйбөй, эптеп ушул кызматтын эсебинен байып алсам деген макулуктар болушкан!  Камчыбек иним чыныгы эр жана патриот экендигин көрсөтүп жатат. Биз болсо дагы эле кайсактап, ойду-тоону сүйлөп, Камчыбекти колдобой  жүрөбүз!  Камчыбектин берген расмий сунушу тажиктерге албетте жакпайт. Анткени, алар биздин мококтугубуздан пайдаланып каалашынча прововакция кылып келишти.  Эми мындан ары биз, кыргыздар катуу тура турганыбызды туюшту. Ошондуктан ар түрдүү провокацияга барып жатышат. Мени бир гана тынчсыздандырган суроо бар. Кана кечээ эле парламенттик шайлоодо ооз көптүрүп бакылдаган саясатчылар? Эмнеге бул маселе боюнча пикир айтпай "пысып" калышты?