"Чек ара маселесин чечүү чыны менен өтө татаал иш. Ошондуктан,  бул маселеге буга чейинки бийликтегилер мынчалык батынып киришкен эмес. Тагыраагы, Акаевдин убагында экономика төмөндөп, кайра куруу деп эл алапайын таппай калганда чек арага чектеш  айылдардагылар үйлөрүн тажиктерге сатып жиберип, оокат кылыш үчүн  борборго же Москвага кетүүгө аргасыз болгон жагдайларга кептелишкен. Тажикстандын элинин саны көп болгондуктан,  алар кыргыздардын үйүн, жерин сатып алууга кызыкдар болушкан. Ошон үчүн алар чек ара маселесин биз каалагандай эмес, өздөрү каалагандай чечилишин каалашат. Айтайын дегеним, буга чейинки бийликтерде вице-премьер министр болгон Жеңиш Раззаков чек ара маселесин иликтеген комиссиянын башында болуп, бир канча жолу жолугушуу уюштурушканы менен  бир да маселе чечкен эмес. Тескерисинче, аны “тажиктердин агенти” деген маалыматтар көп айтылчу. Кудайга шүгүр, жаңы бийлик тоңгон музду ордунан жылдырып, элди санаркаткан чек ара маселесин чечүүгө аракет кыла башташты. Бирок, буларга да толук эркиндик бербей, колдон-буттан байлоого аракет кылгандар да чыгууда. Тагыраагы, оор маселени чечүүгө бел  байлаган бийликти Кыргызстандын ичинен чыккан оппозиция  аларга доомат коюп, каралоо менен алек боло башташты. Кыскасы, алар чек ара маселесин чечем деген өзүбүздүн чиновникти колдогондун ордуна  колу-бутун кайрып, байлайбыз дешип, тоскоолдук жаратып жатышат. Ал эми тажиктер болсо, эбак кызматтан түшкөн тышкы иштер министрин колдоого алып, анын сүйлөгөн сөздөрүн массалык маалымат каражаттарына жазып жатышат.  Биздикилер болсо оор маселени чечкенге бел байлаган Ташиевге каршы митингге чыгып, жер саттың деп күнөөлөп, аны басынтып  жатышат. Чынында чек ара маселесин күчкө салса да Ташиев чечиши керек. Ал баштаган ишинин аягына чыгышы керек. Мен Ташиев чек ара маселесин башка мамлекеттин кызыкчылыгына ылайыктап чечип берип, акча алат деген ойдон алысмын. Андай пикирлерге да таптакыр кошула албайм. Эң негизгиси жаңы бийликтин жана Ташиевдин кылып аткан иштерин эл туура кабыл алат жана баштаган ишинин аягына чыгышына мүмкүнчүлүк берет  деген ишенимдемин", - деп билдирди укук коргоочу Качкын Булатов.