"Тажиктер менен кылымдар бою бирге, бир мамлекетте жашап келген эл элек. Бөлүндүк, эгемендүүлүккө ээ болдук, өзгөрдүк. Ар бир элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы пайда болду. Ал эмес, ар бир адамдын кызыкчылыгы пайда болду. Кызыкчылык өзгөчө орун алган заман болду. Чек ара маселеси 25-30 жыл мурун жеңилирээк чечилмек. Күнөө мурунку бийликтерде. Ошондуктан чек ара маселесин чечүүгө аракет кылып жаткан биздин бийликтин аракетин колдогонубуз туура. Ар кандай сөздөр, ой пикирлер айтылат, каршылыктар болот. Угуш керек, анализдеш керек, бирок ал сөздөргө чөкпөй алдыга жыла бериш керек", - деп билдирди экс-губернатор Мамат Айбалаев.