Кыргызстан демократиялуу өлкө. Мамлекеттин ээси - эл. Андыктан бийлик башындагылар ар бир кадамында элге отчет берип турууга көнгөн. Чек ара маселеси 30 жылдан бери элдин таалылуу көйгөйүнө айланып, анын чечилишине ар бир жаран кызыкдар болуп турат. Ошондуктан, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн мазмунун жана андагы Кыргызстандын позициясын элге ачык жарыялады. Кыргызстандыктар дайыма аткаминерлердин ачык отчет талап кылгандыктан, кадыресе көрүнүш катары кабыл алынды. Бирок тажик аткаминерлерине, өзгөчө Хамрохон Зарифиге акылга сыйбаган, таң калыштуу нерсе катары таасир калтырыптыр. Ал  генерал соцтармактагы баракчасы аркылуу Камчыбек Кыдыршаевичти тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү ачыкка чыгарганы үчүн айыптаптыр. Бир эсептен аны түшүнсө болот, авторитардык өлкө адамдын аң-сезимин башка нукка салат, эркиндиктен чоочуп, өз оюн кенен билдирүүдөн чоочулай турган кылат. Зарафинин билдирүүсү буга далил. Эгер ал демократиялуу өлкөнүн жараны болсо, Ташиевдин элге ачык-айкын маалымат бергенин мыйзам ченемдүү нерсе катары кабыл алмак. Кыргыз жетекчисинин өз элин урматтаганы ага өөн. Кыргыз элинин бардык саясий процесстерге активдүү катышаары такыр эле жат нерсе. Демократиялуу өлкө менен авторитардык өлкөнүн аң сезими асман менен жерде болуп, бири бирин түшүнүшө албай калат тура. 

Нургазы Анаркулов