Премьер-министр Улукбек Марипов кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин IX жыйынынын алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу өз ара аракеттешүү жана кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде Кыгызстандын президентинин Казакстанга жасаган расмий сапарынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Жолугушуу Кордай айылында (Казакстан Республикасы) өткөн.

    

Булак: Баракелде