"Тажик экс ТИМинин билдирүүсү жөнүндө. Эл аралык практикада эки мамлекеттин, өзгөчө коңшу өлкөлөрдүн, ортосундагы мамиледе максималдуу түрдо дипломатия, толеранттуулук мамиле кармалат.

Чек ара маселеси аябагандай оор жана чатак маселе. Ансыз дагы конфликтке баруу мумкунчүлүк жогору.

Менин байкашымча К.Ташиев коңшу өлкө лидерлерине эч жаман сөз айткан жок. А коңшу өлкөнүн мурдагы ТИМ башчысынын жекеликке өтүп, Кыргызстандын официалдуу адамдарына орой сөздөрдү айтышы дипломатияга жана коңшулук мамилеге жатпайт. Чектен чыккандык.

Профессионалдуу дипломаттар мындай кадамга барбайт", - деп жазды саясатчы Равшан Жээнбеков соцтармактагы баракчасына.