Тажик генералы Хамрохон Зафаринин Кыргызстандын чек ара маселесин чечүү аракетине, негизинен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин сунушуна кайтарган жообу коомчулукка жарыяланды. Анын пикири аркылуу тажик тараптын чек ара маселесине болгон мамилеси айдан ачык боло түштү.
Тажикстан диктактуралык өлкө, сөз эркиндиги жокко эсе. Алардын мурдагы, азыркы аткаминерлери, ал тургай жөнөкөй жарандары да бийликтин көз карашына ылайык келчү гана пикирди айта алышат. Өзүм билемдик кылып жеке көз карашын жарыялоо алар үчүн өөн көрүнүш. Ушул жагынан караганда, тажик генералынын кыргыз генералына ачуусун бүркүп, чек ара көйгөйүнө чекит коюу сунушун силкинип кабыл алганынын артында расмий Душанбе турат деп боолголоого болот.
Камчыбек Ташиевдин Зафариге жазган жообуна таянсак, ал "Ворух" көйгөйүнө чекит коюу максатындагы сунушун Тажикстандын коопсуздук кызматынын төрагасы Саймумин Ятимовго эки тараптын делегациясынын көзүнчө тапшырган. Ал кыргыз тараптын сунушу болчу, ага кандай жооп кайтарууну тажик тарап өзү билет. Сунуш тажик тараптын абдан ачуусун келтирип, Ташиевдин дарегине сындардын жааганына караганда, анда кыргыз улутунун кызыкчылыгына басым жасалган сыяктуу. Буга чейин 30 жылдан бери чек ара маселесинин чечилбей келгени кыргыз тараптагы тийиштүү кызматтардын жетекчилеринин чабалдыгы, боштугу болгону талашсыз. Мына ушундай айтканга көнүп, өз позициясын коңшуларга так, даана жеткирип жана анда бекем тура албаган жетекчилер менен иштешүүгө жедеп көнүп калышкандар Ташиевдин катаал мүнөзүнөн чоочулап, алдын ала чабуулга өтүштү деп да эсептесек болот.
Зафари билдирүүсүндө кыргыз бийлигин "эки дос" деп атап, акаарат келтирген. Бул эки достун кайратмандыгы, кандай жолду басып өткөнү тажик генералынын түшүнө да кирбесе керек. Ал турмак бул эки дос өз эли-жерин, мекенин сүйгөндөй сүйүү Зафариге бейтааныш болушу мүмкүн. Алардын көргөн күнү эгер азыр акылдуусунуп жаткан тажик генералынын башына түшкөн болсо, алапайын таппай, атын да унутуп калса керек эле. А кыргыздан чыккан эки дос, кыйынчылыктан татыктуу өтүп, минтип бийлик башына келип, мекенин алдыга чыгаруу үчүн жан үрөп иштеп жатышат.
Нургазы Анаркулов