"Урматтуу кыргыз элим, кыргыздын баатыр уулу, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге карата соцтармактар аркылуу Тажикстандын бир генералы агресивдүү жана кыргыз элин басынтуу катары билдирүү таратыптыр. Анын билдирүүсүн, биздин ички душмандар сыймыктануу менен, тажиктин улутчул адамын кубаттаган постор чыгарышып, башка мамлекеттин жарандарындай сындап жатышат.

Ушул жерден "кыргыздын душманы кыргыз" деген накыл кепте айтылғандай, биздин элибиздин кээ бир катмарына эки дүйнө баары бир экенине ынандым, дагы да Карасакал, Шабдан, Тейит хандар бар экенин көрдүм.

Экинчиден, тажик генералы белгилеген Ворух анклавы таза кыргыз жери болгон Ал жерибиз баягы эле саткынчы кыргыз жетекчилеринин колу менен өтүп кеткен.

Ал эмес Алай району менен чектешкен Манас атабыздын түп жери Мургаб, Жерге- Тал райондору да тажиктердин союздук республика болушу үчүн берилип кеткен.Ал райондордо 20-30 жыл илгери жалаң кыргыздар гана жашаган.Эми гана Лахш деп атын өзгөртүшүп, тажиктер аралашып жатышат. Ошончо жерибизди алып туруп, ыраазы болбой, чек аранын чечилишин кечиктиргени, чечпей жатканы Хомрохон Зарифинин билдирүүсүндө ачык байкалды.Көрсө, булардын максаты башка экен. Тажикстан диктатордук республика, жөн адам өзүм билем сүйлөй албайт, билдирүүнүн артында официалдуу бийлиги турганы айдан ачык.Демек, алардын ойлору башка ..

Мындай арам максатуу коңшуларга өздөрүнүн тилинде жооп берүүгө даярбызбы?

"Тынчтыкты кааласаң согушка даяр бол" дегендей, баарына даяр болушубуз керек экени көрүндү.

Урматтуу Кыргызстандыктар, сыртыбызда душмандар жерибизге көз артып турганда, ички саткындар аларды колдоп жатканда, биз кыргыздар бири- бирибизди чукуп, өзүбүз кылбайбыз, кылганды көрө албай, саясаттан колубуз бошобой отурабыз.

Ошондуктан, саясатты токтотуп, чукушбай ынтымак болуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарчу учур келди.

Эми, тажиктин Зарифисине жооп берели.

Хомрохон, Кылымдардан ата- бабабыз жашап келген Улуу Кыргыз жергеси биз үчүн ыйык жана аны сактоо ар бир кыргыз жараны үчүн милдет.

Бүт ааламды тамшандырган хан Манастын урпактары турганда, Камчыбек Кыдыршаевичдей көк жал баатырыбыз барда бир метр жер да берилбейт.Ар бир метр жер үчүн биз күрөшкө чыгабыз.

Арам оюңардан кайткыла, андан көрө тынчтык жолу менен кыргызга да, тажике да ыңгайлашкан келишимге келип, чек араны чечүүнү максат кылгыла.

Акырында, Камчыбек Кыдыршаевичтин өмүр жолуна көз чаптырыпсың...

"Баатырды мезгил жаратат" дегендей, акыркы он жылда кыргыз эли көп кыйынчылыкты башынан өткөрдү, ошол кыйынчылыктын башында Камчыбек Кыдыршаевич жүрдү, артта калган он жыл аны болоттой курчуган, баардык жактан бышып жетилген саясатчыга айландырды.

Мына эми элдин үмүтүн актап, жараткан кыргыз элине аз убакытта көп иш жасаган мыкты жетекчи экенин көрсөттү.

Азыр, Камчыбек Ташиевдин чек ара боюнча жүргүзүп жаткан саясаты туура, аны оюу бузук башкаларга тебелеп бербей колдоп алалы!"- деп жазды Шүкүрбек Эркебаев соцтармакка.