Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 113

"Арыба ардактуу мекендеш!

Мени колдоп жаткан досторго, жарандарга чын жүрөктөн рахмат! Силердин колдооңор мага жана менин үйбүлөмө кажыбас кайрат, үмүт жана дем берип жатат.

Урматтуу элим, мен өлкөбүзгө бир тыйын дагы зыян келтирбегенимди ишенимдүү айта алам. Менин абийирим сиздердин жана жараткандын алдында таза. Менин эңсегеним элибиздин теңчилиги, адилеттүүлүк жана мыйзамдуулук!

Кыргызымдын баатырларына кайрылам! Ардактуу бир тууганым, ар бирибиз ичибиздеги Манас атабыздын демин ойготуп, өлкөбүздүн жаркын келечеги, адилеттүүлүктү орнотуш үчүн биригүүгө убакыт келди. Акыйкат сүйлөп, мыйзамдуулукту талап кылгандан коркпогула! Биздин өлкөбүздү өнүктүрүүгө акылыбыз дагы, күчүбүз дагы, эркибиз дагы жетет! Жаркын келечектен үмүт үзбөйлү. Жараткан баарыбызды колдосун!

Урматым менен уулуңар Тилекмат!" - деп жазды жарандык активист абактан кайрылуу жолдоп.