- Бир убактарда “Элдик парламент” коомдук уюмун түзүп, бийликти сынга алгансыздар. Бирок көп өтпөй уюмдун сиз баштаган беш мүчөсүнө кылмыш иши козголуп, камакка алынды. Саясий куугунтукка учураган уюмдун максаты кандай эле, эмне үчүн түзүлүп, кандай ниеттерди койдуңуздар эле?

- Беш жыл мурун, 12-апрелде “Элдик парламент” деп аталган коомдук уюм түзгөнбүз. Мүчөлөрдүн санын чектеп, 105 киши кирет деп, ар бир адамды электен өткөрүп кабыл алганбыз. Мүчө болчуларга үч кретерий койгонбуз, алар: 1. Болуп жаткан саясий окуяларга кайдыгер карабаган, мамлекетчил, мекенчил инсан. 2. Коррупцияга малынбаган, артында калбыры жок таза адам; 3. Ошол убакта ЕАЭБ актуалдуу болуп жатпады беле, аны жактагандар. Ошону менен 105 киши чогулдук.

Алгачкы эле жыйында эң маанилүү маселелерди карайлы дедик. Андай маселелер көп болчу, бирок баарын дароо карай албайт элек. Үч маселени алдык, анын үстүндө иштейли дедик. Биринчи маселе – ошол кездеги президент Атамбаевдин ишмердүүлүгүнө баа берип, туура эмес иштерин санап, ага өз ыктыяры менен отставкага кетүүнү сунуштамакпыз. Ал үчүн он себепти аныктадык. Дароо айта кетейин, Атамбаев каршылаштарына кылмыш ишин козгоп, камап машыгып калбады беле, бул жаатта чебер адис болуп, андыктан биз талап кылбадык, бар болгону сунуш киргиздик. Дагы бир нерсе, мүчөлүккө кабыл алынган 105 кишинин арасында бир да оппозиционер жок болчу, биз атайын кошподук. Анткени, биздин сынды оппозициячыл маанайга төңкөрүп, “бийликке каршы, ошон үчүн айтып жатат” дебесин дедик. Жалаң нейтралдуу позициядагы саясатчыларды чогулттук.

Экинчи маселе, Атамбаевдин жанында жүргөн коомчулукка терс образ жараткан адамдардын ишмердүүлүгүн текшерип чыгуу болгон. Жок, прокуратуранын ишин өзүбүзгө албадык, биз ал кишилер тууралуу ММКларга, соцтармактарга чыккан пикирлерди, маалыматтарды чогултуп, прокуратурага өткөрөлү дегенбиз. Икрам Илмияновдун, Фарид Ниязовдун, “Кыргызгазды” бир долларга саткан Тургунбек Кулмурзаевдин ишмердүүлүгүн тактайлы деп атайын комиссия да түзгөнбүз. Биздин аракет, багыт абдан туура болгонун кийинки беш жылдагы окуялар көрсөтпөдүбү. Бул кишилердин кандай ыпылас иштерди жасаганы далилденди, туурабы?

Үчүнчү маселе, 2010-жылдагы июнь окуясына так баа берилбей калды, уюштургандар, мисалы Кадыржан Батыров сыяктуу сепаратисттер эркиндикте жүрөт деген маселеге кызыкдар адамдар уюмдун катарында бар эле, аны карайлы дедик. Ошол боюнча атайын комиссия түзүп, иликтөөгө кириштик. Ага чейин да окуяны тереңден иликтеген адамдар болгон экен, бирок ал материалдарга бийлик көңүл да буруп койгон эмес.

Мына ушул үч маселени көтөрүп, эки жолу маалымат жыйынын өткөрдүк. Баарын ачык айтып жаттык. Ошол убакта бир топ саясатчылар “Силер абдан катуу чыгып жатасыңар, бизди чогулткула, максатыңарды угалы, эмнени багыттап жатасыңар түшүндүргүлөчү”, - деп калышты. Анан илим-билим чөйрөсүнүн өкүлдөрүн, саясатчыларды, деги эле кайдыгер эмес 400дөй жаранды чакырып, форум өткөрдүк. Максатыбызды түшүндүрүп, эч кандай төңкөрүш жасоого ниетибиз жоктугун, бийликке сунуш гана жолдой турганыбызды түшүндүрдүк. Аны менен катар жакында “Ала Тоо” аянтында элдик жыйын өткөрөрүбүздү, ал жерге жубайларыбыз, балдарыбыз, неберелерибиз менен бараарыбызды айттык. Себеби, 1990-жылдарда ушундай тажрыйба болгон, биринчи демократтар чыга баштаганда, үй-бүлөбүз менен аянтка чыкканбыз.

- Тынчтык митинг экенин далилдеш үчүнбү?

- Тынчтык митинг экенин далилдеш үчүн, жаман оюбуз жоктугун билдириш үчүн. Бирок ага жеткирбей бир адамдын арызынын негизинде камакка алышты.

- Ал киши ким эле? Кандай байланышыңыз бар болчу?

- 105 кишинин арасына бирөө кошулуп калыптыр. Дагы башка мүчөлөрдүн сунушу менен өтүп кеткен экен. Ал барып айтат: “Офиске барсам Талгарбеков отуруптур, эми эмне кылабыз деп сурасам, “бийликти күч менен басып алабыз” деп айтты”, - деп. Болду, ушул сөз менен эле камашты. Күбө да жок, далил да жок. Куру сөз менен “бийликти күч менен басып алуу” беренесин чаптап, бешөөбүздү камашты. Буларды биротоло жанчып, баш көтөргүс кылып сындырып коелу дешти окшойт, дагы бир берене кошушту - “аймактар аралык кастыкты козутуу”. Бул мыйзамды парламент ошол убакта биз үчүн кабыл ала коюшту.

- Бул беренелердин негизинде кимиңиздерге канча жылдан берилди?

- Толубай Колубаев экөөбүздү 14 жылдан, Марат Султановду 10 жылга, аксакалыбыз Тойгонбек Калматовду 5, Александр Гусеевди 6 жылга соттошту. Сот чечими чыккыча УКМКнын абагында 1,6 жыл жаттык. Эки жумада бир сот өткөрүп коюшат, аны да жабык кылып салышкан, анткени ачык болсо журналисттер келмек да, бардык иш жасалма экенин билишмек. СИЗОдо жаткан бир күн эки күнгө эсептелет, өткөргөн бир жарым жылыбыз 3 жылга эсептелинди. Колонияда 1 жыл 3 ай болдук. Ошондо, 4 жыл 3 ай жаза өтөдүк. Жээнбековдун бийлиги келгенде биздеги оор беренени алып салышты, анын негизинде тогуз жыл кетти, беш жылды калтырып коюшту. Андан кийин арыз жазып, үй камагына чыгып, калган мөөнөттү үй камагында өтөдүк.    

- Азыр сиздерге тагылган бардык айыптоолор алындыбы?

- Былтыр октябрь төңкөрүшүнөн кийин үмүт жаралды. Дароо Жогорку сотко кайрылдык. Ноябрда каралмак, бирок декабрга, анан январга, февралга жылып отуруп, 17-февралда сот болуп, бешөөбүз тең акталып чыктык.

- Адамга өмүр бир гана жолу берилет, а сиздер дээрлик беш жылыңыздарды жалган жалаа, жасалма айып менен абакта өткөрдүңүздөр. Абакта отурганда басым жасоолор, ар кандай сунуштар болуп жаттыбы?

- Сунуш, албетте болду. Жеке өзүм тууралуу айтайын, абакка отурганыма бир айдай болгондо УКМКнын Тынчтык Субанкулов деген опери чакырды. Аңгемелешүү жүргүзөм деп. Бул мыйзамсыз болчу, бирок макул болдум. Анткени, максатын билишим керек эле. Алгач 30-40 мүнөттөй мени алдады. “Сиз элге эмгеги сиңген адамсыз, алтымышка келип калыптырсыз, үйдө небере жыттап отура турган курагыңыз, мен жаңылыптырмын деп Атамбаевден кечирим сурап койсоңуз эле, эртең чыгарабыз”,- деди. “Эч кандай жаңылган жокмун, кечирим сурай албайм”,- дедим. Бул жообумду уккандан кийинки жарым саатты коркутуп-үркүтүп өткөрдү: “Түрмөдө чиритебиз, кошумча беренелерди илебиз! Өлкөгө чыккынчылык кылды дейбиз, 30-40 жылга кесебиз!”,- деп болушунча албууттанып, опурулуп-жапырылды. Мен айттым: “Эгер менин жасагандарым туура эмес болсо, мыйзамсыз болсо, анда өмүр бою камагыла. Далилдегиле да, камай бергиле!”- дедим. Эртеси адвокатыма айттым, ал арыз жазды, ошону менен бул темага кайрылышпады. Аксакалыбыз Калматов мени камашкандан кийин эки айдан кийин камакка алынды да. Ал кишини чакырып айтышыптыр: “Талгарбеков төңкөрүшкө даярданган болуш керек деген шегим бар” деп эле коюңуз, анан бошсуз”, - деп. Ал кишинин эрки темирдей күчтүү экен: “Мен тиги дүйнөгө барганда да жооп беришим керек да. Андай оюу жок болсо, жалган жалааны кантип жабам?”- деп болбой коюптур. Ошону менен ал да камалды. Бир жарым жыл биз менен болду, абдан кыйналды, бирок чыдады. Эмнени гана башыбыздан өткөрбөдүк.

- Саясий куугунтук Кыргызстандын тарыхында өтө көп болду. Сиз кандай ойлойсуз, куугунтуктар бийлик үчүн күткөн жемишин береби? “Болотту урган сайын курчуйт” деген сөз бар эмеспи, анын сыңарындай же тескери жыйынтыкка ээ болушабы?

- Абдан жакшы суроо экен. Эки нерсе жөнүндө айткым келип жатат. Биринчиден, баарыбыз тарыхтан жакшы билебиз, 1937-жылдары, СССР убагында репрессия болгон. Бизге андай окуялар кайра кайталанбай тургандай сезилчү. Көрсө, баары кайталана берет экен, саясатчылар өткөндөн сабак албайт экен да. Жалган жалаа менен камап, канча адамды сыздатышты, канча үй-бүлө запкы тартты. Мисалы, мен моралдык-психологиялык жактан даяр элем, чыдадым. Бирок үй-бүлөмө, жакындарыма бул чоң сыноо болду. Менин менен камалгандардын үй-бүлөсү да азап чегишти. Ар бир күн оор болду. Жаңы бийлик өткөн окуялардан сабак алса дейт элем. Бирок ушундай нерсени байкап калдым, бийликке келгенде эле унутуп калышат экен. Ошон үчүн убак-убагы менен өткөндү эстетип туруу керек го.

- Сиздерди камоо өкүмүн чыгарган соттордун жоопкерчилиги кандай болду?

- “Ушундай болоорун билгениңизде, Атамбаевге каршы чыкпайт белеңиз?”- деп кээде суроо берип калышат. Мен баары бир чыкмакмын. Ушундай азаптарды көрөсүз деп алдын ала бирөө боло турган окуяларды айтып берип турса да, мейли демекмин. Себеби, Кудай бар да. Ал баарын көрүп, иретке салып турат. Бизге куугунтук кылгандарды Кудай өзү жазалады. Бизди камагандардын баары түрмөдө отурушат. А биздин эл алдында жүзүбүз жарык, балдарыбыздын алдында башыбызды көтөрүп, туугандардын арасында кадыр-барк, ар намыс менен жүрүп жатабыз. Ушунун өзү билгенге чоң байлык. Айрымдар күрөшүңөрдөн майнап чыккан жок деши да мүмкүн. Жок, майнап чыкты. Бүгүнкү күндө да чындык, акыйкаттык үчүн күрөшөм дегендер болсо, “тартынбай күрөшө бергиле” дейм. Ал эми соттор болсо сөзсүз жазасын алышат. Укуктук жактан болбосо да, Кудайдан. Өздөрү алышпаса, укум-тукумуна өтүп кетет. Ушуну эстен чыгарбаш керек. Юридикалык жактан келсем, мен азыр арыз жазып, ошолорду соттотом десем, көп энергиям, убактым кетет. Анткени, бизде сот реформасы жок, баштала деле элек. Эгер жаңы бийлик акыйкаттыкты орнотобуз десе, мамлекеттик комиссия түзүп, жалган жалаа менен камалгандарды, соттолгондорду актоону өздөрү колго алышы керек. Жалган иштин негизинде чечим чыгарган сотторго, прокурорлорго жоопкерчилик карасын. Бизге символикалык түрдө болсо да материалдык жардам көрсөтүп, эң негизгиси моралдык реабилитация кылышы керек да. Себеби, биз бейбаштык кылып же бирөөнү өлтүрүп абакка отурган жокпуз, элдин, мамлекеттин келечеги үчүн күрөштүк. Мына мындай окуялар болду, бул туура, бул туура эмес деген баа берүү бүгүнкү бийликтин түздөн түз милдети. Аны жасашабы же жокпу – убакыт көрсөтөт.

Маектешкен Каныбек Темиров,  Булак: “Майдан. kg” гезити