Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 190

Бишкек шаардык кеңешине болгон күрөштө 25 партиянын ичинен мурдагы президент А.Атамбаевдин уулдарына тийешелүү СДК партиясы алдыга чыкты. Аталган партия 7 млн. 509 миң сомду сарптаса, айтылуу олигарх А.Салымбековдун “«Эмгек” партиясыныкы 6 млн. 51 миң сомду түздү, чыныгы ээси ким экендиги так белгисиз болгон  НДПК  5 млн. сомдон ашыкты жумшаса, дагы бир капчыгы калың Н. Түлеевдин “Ак Бата” партиясы 4 млн. 854 миң сомду үгүт иштерине сарптады.

Ал эми Ош шаардык кеңешине болгон күрөштө шаардын мурдагы мэри Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” алдыда. Аталган партия үгүт кампаниясына 1 млн. 593 миң сом короткон. Андан азыраак каражатты “Бир Бол”, “Ыйман нуру” партиялары сарптагандыгы белгилүү болду.

Булак: “Майдан. kg” гезити