Президент Садыр Жапаровдун Ташкенге болгон иш сапарынын жыйынтыктары, УКМКнын (чек ара кызматы кошулган) төрагасы Камчыбек Ташиевдин чечкиндүү иш-аракеттери эл арасында чоң ыраазычылык жаратууда. Биз бул маселелер боюнча ойлорун, көз караштарын билүү үчүн “Түбөлүк демократка” кайрылдык.
-Топчуке, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамилелердин кескин оңоло баштагандыгын кандай баалайсыз?
-Кыргызстанда жаңы бийлик келгенден бери олуттуу, тарыхый десек да болот, эң чоң маселе чечилди.Президент Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик иш сапар менен барып, эки өлкөнүн ортосундагы чек араны делимитациялоо боюнча маселени саясый жактан чечти эле, анын артынан Камчыбек Ташиев барып, тийиштүү түзүмдөрдүн жетекчилерине жолугушуп сүйлөшүп, аны аягына чыгарды. Экөөсү чындыгында тарыхта калгыдай иш жасашты. Алар Орто-Токой суу сактагычындагы сууну пайдалангандыгы үчүн Өзбекстандан 700 гектар, 1973-жылы Кемпир-Абад суу сактагычын курганда бизге берилбей калган 300 гектардын ордуна 1 миң гектар жерди алууга жетишти. Буйруса, жакынкы эки-үч айдын ичинде Өзбекстан менен чектешкен чек араларды делимитациялоо толугу менен аягына чыгарылганы турат. Бул чоң жеңиш. Баракелде!-дейм.
-Ага Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзеёв да өз салымын кошту да.
- Кыргызда “жаман туугандан жакын кошуна артык” деген сөз бар. Ооба, Шавкат Мирзеёв кошуналар менен ынтымакта, тынч жашаганга аракет кылууда. Садыр мырза да, Шавкат мырза да ылайым боордош элдер үчүн ак жолтой президент болушсун. Алардын саясый эрки менен кошуна элдердин эң татаал маселеси чечилди. Советтик бийлик, Компартия Борбордук Азиядагы республикалардын чек араларын аныктоодо баарын чакчелекей кылып, кийин жарыла турган “бомбаларды” көөмп салган экен. Ал көп жылдардан бери каканактаган көйгөйгө айланып, кээде кандуу кагылышуулар да болуп келди. Андай “бомбалар” Кыргызстан менен Тажикстандын, Казакстандын, Кытайдын чек араларында да аз эмес. Эки президент, эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын башчылары азаматтык кылышты. Тарыхый иш кылып, түпкү теги бир эки элдин ынтымагын чыңдашты.
-Өзбекстандын нак жардамдарычы?
-Биздин экономикалык, социалдык абалыбыз кошуналарга салыштырганда аябагандай оор. Өзбекстан бизге түздөн-түз жардам да берүүдө. Пандемия күчөп турган убакта бир курама ооруканага материалдарды, анан үрөндөрдү, жер семирткичтерди, азык-түлүктөрдү берди. Садыр Жапаров Ташкенге барганда 20 “тез жардам” унаасын белек кылды. Казакстанга салыштырганда Өзбекстан көп жардам көрсөтүүдө. Боордош казактарыбыз бой көтөрүп, теңсинбегенсип келатышат.
-Ушуну менен Өзбекстан менен Кыргызстандын мамилелери биротоло жакшырат деп ойлойсузбу?
- Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында эки өлкөнүн чек ара маселеси биротоло чечилгенин айтты. Эки өлкөнүн ортосундагы тургундарды, автоунааларды өткөргүчтөр ачылууда. Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга чоң салым кошот. Аны үч жылда бүтөт дешүүдө.
Владимир Путин 2014-жылы “Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жеңилдетилген шарттарда 2 миллиард доллар беребиз, Жогорку Нарын каскадындагы чакан ГЭСтерди 5-6 жылда куруп бүткөрөбүз”- деди эле, алигече таш балакет да болбоду. Ал убадасын аткарбады. Россиянын 2019-жылы жазында Кыргызстан менен түзгөн жалпы көлөмү 6,2 миллиард долларлык келишимдеринде деле жылыш жок. Камбар-Ата-1 ГЭСину курууга эми Өзбекстан киришкени жатат. Анын андан аркы биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылуусуна түрткү берерине ишенем.
-Өзбекстан-Кыргызстан-Кытай темир жолун биргелешип куруу жөнүндө долбоор боюнча оюңуз. Ташкендеги жолугушууда бул маселе да көтөрүлбөдүбү.
-Ал аябай чоң эл аралык долбоор. Ишке ашса Кыргызстан Кытай, Түштүк-Чыгыш Азияны - Европа, Батыш Азия, Африка менен байланыштырган транзиттик өлкөгө айланат. Ал жолдун экономикалык, социалдык натыйжасы абдан чоң болот. Мында эске ала турган нерсе, эгерде курулуш иштери башталса, биринчиден, анда иштегендердин 70-80 пайызы кыргыз, өзбек жарандары болуусу зарыл.Экинчиден, темир жолдун аркасы менен 1,5 миллиард кытайдын Кыргызстанды, Өзбекстанды каптап кетишине жол бербей турган жолун катуу талап кылуу зарыл. Мына ушундан этият болуу керек. Тилекке каршы, андай коркунуч бар.
-Эми анклавдар маселеси кандай болор экен?
-Дүйнөдө Кыргызстандай өлкө жок - биздин өлкөбүздүн ичинде башка өлкөлөр куралдуу күчтөрү менен отурушат. Өзбекстан менен чек ара маселеси чечилгенден кийин алар аскерлерин алып чыгып кетишет. Ал эми Тажикстан чек ара маселелерин тезирээк чечкенге ыклас кылбай жатат. А түгүл алардын айрым мамчиновниктери Ворух анклавы боюнча экстремисттик билдирүүлөрдү да жасашууда. Мурда алар Москвага жалдырашып, Кремлдин тилин табышып Кыргызстандын керемет жерлерин ээлеп, анклавдарды көбөйтүп алышкан экен. Эми бизди да кыйнашууда, өздөрү да кыйналууда. Баса, “Ворух Тажикстанга берилсин” деген чечим жок деп мага 2010-жылы Өкмөттөн билдиришкен. “Демек, биз Тажикстанды эскертип туруп, Ворухту кайрып алсак болот дейт”,- чек ара адиси.
-Эмики кезек эмнеде деп ойлойсуз?
- Эми биздин жетекчилерибиз азыркыдай демилге менен киришип, Кыргызстан менен Тажикстандын, Казакстандын, Кытайдын ортосундагы чек ара маселелерин да чечүүлөрү керек. Буга чейин Чүйдөгү үч жер Казакстанга өтүп кеткен. Токмоктун тушунда Дунларов көпүрө деген бар, ал кичине болгон менен стратегиялык мааниси чоң. Кара-Балтанын жанындагы чоң участок, Таластын Маймактагы тилкеси да негизсиз Казакстанга өтүп кеткен.
- Сиз Каркыра жөнүндө көп айтасыз го.
- Ооба, “Манаста” айтылган Каркыранын 700 гектардай жерин Аскар Акаев деген чыккынчы шүмшүк казактарга берип жибербедиби. Ал эми Каркыра деген дүйнөдөгү эң кооз керемет жерлердин бири. Ал- жер соорусу деп айтылат.”Манаста” Ташкендин улуу ханы Көкөтөй бабабызга бул дүйнөдө болбогон улуу аш берерде Кошой бабабыз акылмандарды чогултуп алып кеңешип, “ашты кай жерде өткөрөбүз?- десе бирөө: “Чоң Алайдын ары жагында ушунчалык кенен жайык бар”,- десе, Кошой: “ал жер жарайт эле, бирок отуну жок, тезек жагабызбы?”- дейт. Экинчиси Суусамырды сунуш кылса, Кошой ал жерди “тар”,- дейт. Ашка 2 миллиондой адам катышкан. Үчүнчүсү Чүйдү айтса, олуя бабабыз:” айланайын, чиркейге таланып өлөбүзбү?”,-дейт. Ал убакта Чүй чытырман камыш, чытырман бадалдар баскан жер болгон. Жолборстор, камандар жүргөн. Токмоктогулар акыркы жолборс 1954-жылы атылган деп айтып жүрүшөт. Мен аны убагында билгендерден уккам. Акырында Кошой бабабыз: “Балдар, мен көп жерлерди көргөм, бирок Каркырадай жер соорусун кезиктире элекмин, Көкөтөйдүн ашын ошерде өткөрөлү”,- дейт эмеспи. “Каркыранын тескейи - чытырман токой, кенен жайыкта дарыя өтөт. Күнөс жагы учу-кыйрына көз жетпеген тегиз жайык”,- дейт.
Мына ошол жер соорусунун 700 гектарын Акаев казактарга берип жиберди.
- Эгерде Каркыра байыртан бери кыргыздын жери болсо, Акаев эмнеге андай кылган? Сатканбы?
- Ал- бир убакта бабасы тентип келген тексиз Акаевдин чыккынчылыгы, элге кылган кыянаттыгы. Ал үчүн Акаевди соттоо керек. Эл аралык укуктук нормада чыккынчылыктын күнөөсү канча жыл өтсө да эскирбейт. Аны сырттан соттосо да болот. Акаев-дезертир. Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы болуп туруп, аларды таштап кеткен дезертирлик. Ал жерлерди гана сатпастан, үй-бүлөсү менен жүздөгөн миллиондогон долларларды уурдап кеткен адам. Анын бир бөлүгүнө баласы Москванын Кунцево жагына чоң соода борборун курган дешет. Ал өзүнө буйрубай калды.
“Манас”жана Чынгыз Айтматов Улуттук академиясы, инвестицияларды тартуу боюнча Агенттик турган эки имаратты да бюджеттин эсебинен эч кимге билдирбей кийин өзү жашоо үчүн курдурган. Китепкана үчүн салынган жайда сот, медициналык экспертиза турат. Акаев кыргыздын жерин өзүнүн менчик мүлкүндөй кылып Кытайга Үзөнгү-Куушту, казактарга Каркыраны берди. Кытайлар кексе, акылман эл. Алар келечекте таза суунун тартыш болорун билишет. Ал эми муз деген таза суу. Үзөнгү-Куушту музу үчүн алышты. Суусуз - жашоо, өмүр жок. Кытайлар Үзөнгү-Кууш үчүн Акаевге жүздөгөн миллион доллар берген деген маалымат бар. Ал жөнүндө убагында көп жазылган, айтылган.
- Эми эки өлкөнүн кызматташтыгынын маданий чөйрөсүнө келсек. Сиз “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын президенти, илимпоз катары өзбектер, башка кошуналар менен кайсыл өңүттөрдө кызматташтык болсо дейсиз?
- Өзбекстан менен Кыргызстандын окумуштууларынын, илимпоздорунун биргелешип иштеше турган көп жактары бар. Ал болуп жатат. Биздин Академия акыркы бир жарым жылдын ичинде эки жолу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрдү эле, ага Ташкенден, Анжиян мамлекеттик университетинен өкүлдөр келип катышып, баяндамаларды жасашты. “Манас” эпопеясынын классикалык түрүн толугу менен, “Эр Төштүктү”- өзбек, “Алпамышты”- кыргыз тилине которуу маселеси турат. “Манасты” көп сериялуу көркөм, балдар үчүн анимациялык фильмдерди тартуу жөнүндө көп айтылат эмеспи. Ал үчүн инвесторлор керек, алардын арасында Өзбекстан, казактар, эң жакын туугандарыбыздын бири - кыпчак венгрлер, түрктөр, түркмөндөр да болсо дегим келет. Биздин Академия боордош элдердин тийиштүү мекемелери менен биргелеш илимий эмгектерди, жыйнактарды, башка долбоорлорду ишке ашырганга даяр.
Биз Академияда аспирантура, магистратура ачабыз. Ага Өзбекстандан, башка республикалардан келип окушса, биз аларга барып окусак, диссертациялар жакталса дейбиз. Фольклордук чыгармаларыбызда окшоштуктар, жалпылыктар көп. Аларды биргелешип изилдесек да жакшы болмок.
Тынчтыкбек Бешкемпиров, Булак: “Майдан. kg” гезити