Жогорку Кеңештин депутаты Сайдулла Нышанов "Ата Мекен" фракциясынын лидери болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Шайлообек Атазов фракциянын төрагасынын орун басары болуп калгандыгы белгиленди.
Эскерте кетсек, буга чейин БШК Өмүрбек Текебаевдин бош мандатын Шерали Абдылдаевге өткөрүп бергени белгилүү болгон.
Булак: vesti.kg